Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Зеленский Украинаны колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди


Владимир Зеленский менен Дональд Трамп. Коллаж.
Владимир Зеленский менен Дональд Трамп. Коллаж.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка Киевди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Х социалдык тармагындагы баракчасына Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн жазды.

"Абдан жакшы сүйлөшүү болду. Украинага колдоо көрсөтүүгө, адам өлтүрүүлөрдү токтотуп, бекем жана акыйкат тынчтыкты орнотуу жаатында биргелешкен аракеттерди улантууга даярдыгы үчүн рахмат. Президент Трамп НАТОнун баш катчысы менен болгон жолугушуунун чоо-жайы тууралуу бөлүштү. Биздин алака-катышыбыз жакшы экенин, альянс коргонууга чыгымды көбөйтүү жаатында иштеп жатканын белгилеп коюу маанилүү. Биз президент менен жайкын жарандарды орусиялык чабуулдан мыкты коргоону камсыз кылуу чараларын сүйлөштүк. Биз тынчтыкка жетиш үчүн болушунча жемиштүү иштегенге даярбыз. Биз мындан ары телефондон тез-тез сүйлөшүп, келечектеги аракеттерибизди чогуу-чаран талкуулап алып турууну макулдашты. Рахмат, президент мырза! Рахмат, Америка",-деп жазды Зеленский.

Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.

АКШ Сенатында ушул тапта Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган соода өнөктөштөрүнө төлөмдөрдү 500% чейин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Трамп ошондой эле Киевге абадан коргонуучу 17 Patriot системасы жөнөтүлөрүн, мындай курал-жарак "тез арада" майданга жеткирилерин да айткан. Ачык маалыматтарга ылайык, учурда Украинада мындай жети комплекс бар.

АКШнын президенти соңку билдирүүлөрүндө Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сындап келет.

Москва ок атышууну токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн өз шарттарын коюп, анын ичинде Украинанын төрт облусунан украин армиясынын чыгып кетишин талап кылган. Киев Кремлдин шарттарын кескин четке каккан.

Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин Москва комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG