Өткөн жылы катталган учурлар 14 миңден ашкан. Оорунун жайылып жатышына COVID-пандемиясынан улам эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы, вакцинадан баш тартуу жана ата-энелердин жетишсиз маалыматы себеп экени айтылып жатат.
37 жаштагы Айдар Бишкектин тургуну, такси айдап күн көрөт. Эки баланын атасы, кызы жети, уулу эки жашта. 2023-жылы кызы барган бала бакчада кызамык аныкталган.
Айдардын кызы вакцинанын биринчи дозасын алган, бирок экинчи дозасын ала элек. Анткени ал экинчи жолу вакцина алуунун кажети жок деп ойлогон экен. Кызы жакында эле өпкөсүнөн сезгенип катуу ооруп айыккан. Ошондон кийин Айдар эмдөөнүн зарылдыгын түшүнө баштаганын айтып берди:
«Өзүмдү күнөөлөгөндөн көрө, эмдөө алганы жакшы деп чечтим», - дейт ал.
Ошентип үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда анын кызы экинчи жолу акцина алды. Бир күндөн кийин бир аз ысытмалаган кызы эмдөөнү жакшы эле көтөргөн. Андан кийин туулган уулуна ата-эне кызамыкка каршы вакцинанын эки дозасын тең сайдырышкан.
Күч алган оору
Бирок Кыргызстанда Айдарга окшогон ата-энелер азайып бараткандай. 2023-жылдан бери Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны тынымсыз өсүүдө. Бул тенденция Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан “олуттуу жана туруктуу” деп сыпатталган.
2022-жылы оорунун деңгээли өтө төмөн болсо, 2023-жылы 7046 учур катталган. 2024-жылы 7463 учур катталса, 2024-жылы 14380 учур катталса, 2025-жылдын 10-июнуна карата бул учур дээрлик 7985ке жетти.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна таянуу менен эмдөөдөн баш тартууга диний ишеним (45%) жана вакциналардын коопсуздугуна тынчсыздануу (41%) себеп экенин билдирет. Вакцина албагандардын 4 пайызында эмдөөнүн пайдасы тууралуу маалымат жок.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун өкүлү Гүлзада Даданова Кыргызстанда 2023-жылы кызамык COVID-19 пандемиясынын учурунда пландуу эмдөөлөр убактылуу токтотулгандан кийин башталганын айтууда.
Бул мезгилде эмдөөлөргө ишенбөөчүлүк күчөп, социалдык тармактарда ар кыл кеп-сөз тарап, көптөгөн ата-энелер эмдөөдөн баш тарта баштаган. Буга диний ишеним, вакцинанын тескери таасиринен коркуу, жашаган жери боюнча каттоодогу көйгөйлөр да кошул-ташыл болгон.
Улуттук эмдөө өнөктүгү
Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө эки жолу - бала бир жашка чыкканда жана эки жашта жүргүзүлөт. Адистердин айтымында, бир доза 90% чейин коргойт, ал эми экө 97% чейин.
«Эмдөө алган бала ооруп калса да, оору бир топ жеңил өтөт», - дейт Даданова.
2024-жылы жапырт эмдөө өнөктүгү Жалал-Абад облусунда башталган. Анткени бул аймакта оору өтө тез көбөйүп, жайыла баштаган. Облус өлкөдө кызамыктын катталоосу боюнча биринчи орунга чыккан.
Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте көчмө эмдөө пункттары ачылып, балдар эмдөөдөн өтпөй калган алыскы аймактарда иш жүрдү.
Быйыл майда Республикалык иммунопрофилактика борбору, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, GAVI жана башка өнөктөштөр менен бирге өткөргөн өнөктүк улуттук масштабга айланып, Big Catch-Up деп аталды.
Анда вакцина такыр ала элек жана экинчисин албаган балдар камтылган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, оорунун жайылышына эмдөөдөн баш тартуу гана эмес, көп жыл мурда эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн да себеп болгон.
БУУнун Балдар фонду - ЮНИСЕФтин эсеби боюнча, дүйнө калкынын 83 пайызы гана кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасын, ал эми экинчи дозасын 74 пайызы алган. Бул көрсөткүч коомдо иммунитетти сактоо үчүн зарыл болгон 95 пайыздык босогодон кыйла төмөн.
Вирус аба аркылуу жугат жана өтө тез тарайт. Кызамык биринчи дозасын ала албаган бир жашка чейинки балдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Оору кадимки сасык тумоо сыяктуу башталат – адамдын дене табы көтөрүлүп, мурундан суу агып, жөтөлөт. Бир нече күндөн кийин денеге ыйлакча, бүдүр чыгып, оору пневмония, отит, калчылдап карышып калган абалга чейин жеткирип, көз көрбөй, энцефалит оорусу пайда болушу ыктымал.
Кээ бир учурларда, оору өлүмгө алып келиши ыктымал. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, күн сайын дээрлик 300 адам же саат сайын 12 адам кызамыктан көз жумат, анын көбү беш жашка чейинки балдар.