Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Өмүрбек агай “Депутаттык азилдери” менен дагы элин ойготкон


Өмүрбек Абдрахманов. "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 20-октябрь, 2011-жыл
Өмүрбек Абдрахманов. "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 20-октябрь, 2011-жыл

Кыргызстандагы таанымал демократ коомдук ишмер жана багбан ишкер Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында дүйнө салды. Аны менен бир кезде “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы” коомдук уюмунда чогуу жүрүп, кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин маркумду эскерет.  

Суук кабар...

Интернет аркылуу суук кабар желден тез тарады: 14-июлда (текенин 14үндө), дүйшөмбү күнү таңда Өмүрбек агабыздан айрылган экенбиз. Оболу анын кызынын атынан таркатылган учкай жарыяга ишене албастан (анын кызынын атын дагы бир кара мүртөздөр жалган жерден колдонуп жатышабы, деген да ой кеткен), кабарчылар башка булактардан бул жарыянын чын-төгүнүн тактай албай жатышкан экен.

Мен Бишкектеги багбан жана ишкерлерди айыл чарбасынын заманбап ыкмаларына багыттап келе жаткан белгилүү коомдук ишмер жана ишкер замандашыбыз Манас Саматовдон сураштырсам, ал кеминдик кесиптештери аркылуу бул суук кабар чын экенин тастыктады. Кеминдик дыйкан чарба өкүлдөрү Макебизге Өмүрбек агайдын бала-чакасы маркумдун сөөгүн Кеминден Бишкекти карай алып кетип жатышканын да маалымдашкан экен.

Ал арада Кыргызстандын Жогорку Кеңеши да дүйшөмбү күнү кечкурун көңүл айтуу катын жарыялап калды.

Анан... маркум Өмүкөнү жоктогон жүздөгөн жарыялар “Фейсбук”, “Инстаграм”, “ВотсАпп” жана башка коомдук тармактарда жайнап кетти.

Ошентип, бир кезде КДКны түзгөндөрдөн болгон жана өмүрүнүн акыркы саатына чейин демократия ураанын көтөргөн дагы бир бараандуу аксакалыбыздан айрылып калган экенбиз!..

КДК – Өмүрбек Абдрахмановдун демократ катары бейнесин ачкан

Маркум Өмүрбек Абдрахманов (19.12.1948 – 14.7.2025) агабыз, мен билгенден, өзүнүн суусамырдык жердеши, кыргыздын мыкты атуулу жана даңазалуу ишкери Таабалды (Табылды) Бердигул уулу Эгембердиев (14.1.1951–16.5.2016) менен чогуу келип, “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) деп аталган уюмду негиздөөгө катышкан.

Ал кезде Өмүрбек агабыздын реформачы коммунист болгондугун кийин гана билдим. Өзүм бул партияга өткөн эмес элем. КДКны түзгөн айдыңдардын бир даарынын Советтер Биримдигинин Компартиясынын мүчөсү катары партиялык белети бар болчу, бирок алар – бул уюмдун кремлдик жетекчилигинин империячыл жана шовинисттик саясатына нааразы болгон, ошол таптагы жергиликтүү коммунисттик жетекчиликтин мажүрөөлүгүнө жана күнкордугуна ичи бышпаган, жигердүү демократиячыл реформаларды самаган жарандар болчу.

Мисалы, КДКнын теңтөрагаларынын бири, жазуучу Казат Акматов (23.12.1941 - 13.9.2015) агайыбыз бир кездери (1983-жылы өз романы жазыксыз жерден бир тараптуу сынга алынганга чейин) Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде бөлүм башчынын орун басары болуп да иштеген. Ал эми КДКнын башка бир теңтөрагасы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Топчубек Тургуналиев (05.7.1941 – 15.11.2023) агайыбыз 1969–1972-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде бөлүмчөнүн (сектордун) башчысынын орун басары болгон, кийингчерээк, “Кайра куруулар доорунда”, Бишкектеги кайсы бир компартиялык шайланма кызмат үчүн майнапсыз ат салышкан.

Өмүрбек Абдрахманов агабыз дагы 1980–1987-жылдары Чүй боорундагы Аламүдүн районуна караштуу (азыркы “Арашан” айылы да кирген) Федосия Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум ишканасында Кыргызстан Компартиясынын ишканалык комитетинин катчысы кызматын аркалагандыгын кийин билдим.

Бул факттардан соң үстүрт караган айрым кичүү замандаштарыбыз “булар деле коммунист болушкан турбайбы!” деп иренжиши ажеп эмес. Бирок аларга айтаарым – советтик тоталитардык түзүлүш жана анын өзөгү болгон коммунисттик партия “алыскы Марстан учуп” келгендер тарабынан эмес, ушул эле коомдо өсүп, ичтен көтөрүлүш жасагандар тарабынан ыдыратылган.

Сталиндик жеке керт башка сыйынуу системасын 1950-жылдардын ортосунда талкалаган ишмерлердин бири – Никита Хрущев өзү мурдагы сталинчилерден болгон эмеспи. Чехословакиядагы “Прага жазы” атыккан 1968-жылдагы реформачыл кыймылдын лидеринин өзү – теги словак Александр Дубчек да Чехословакия Компартиясын жетектеген. Кытай Эл Республикасындагы базар экономикасына жана коомду олуттуу либералдаштырууга карай багытты баштап берген Дэн Сяопин (анын ысымын кытайлык кыргыздар “Дың Шияпың” дешет) дагы Кытай Компартиясынын жетекчилеринен болгон жана өзү дагы “маданий ыңкылап” аталган каргашалуу жылдарда бир канча убакыт сүргүндө жүргөн.

Ал эми Өмүрбек Абдрахмановдун КДКны түзүүгө катышуусу жана Советтер Биримдигинин Компартиясынын мүчөлүгүнөн баш тартышы – анын айдыңдык жеке эрдиги болуп гана чектелбейт.

Себеби Өмүкө тоталитардык түзүлүштүн өзөгү болгон бул партиядан жөн гана баш тартпастан, демократиячыл идеяларды андан ары жигердүү жайылткан ыктыярдуу үгүтчү болуп калды.

Унутулгус “Депутаттык азилдер”

Эсимде, КДКнын Башкармалыгынын отурумдары кызуу талаш-тартыштар менен коштолоор эле. Өмүрбек агай да аларга катышып жүрдү.

1990-жылдын октябрынын акыркы он күнү өзгөчө олуттуу окуяларга жыш болду. Ал кезде Бишкекте коменданттык саат тартиби бар эле (июндагы кайгылуу “Ош окуяларынан” кийин ушундай тартип убактылуу киргизилген).

Жыйындар имараттын ичинде гана болот, сыртта эч демонстрацияга уруксат жок.

Ошол тапта жарандык нааразылык аракетинин бир ыкмасына – пикетке чыгууга тыюу жок экендиги такталды. КДКнын Башкармалыгы борбор шаарда демократиячыл ураандарды көтөрүп, бир учурда бир нече жерде жекече пикетке чыгууну саясий ачкачылык жарыялоо усулу менен айкалыштыруу тууралуу чечим кабыл алды.

Оболу КДКнын жети гана өкүлү пикетке жана саясий ачкачылыкка чыгышты. Эртеси эле аларды ондогон жаңы кишилер колдоп, бара-бара алар жүздөн ашып кетти. Кыргыз мавмлекеттик университетинин (кийинки КУУнун) жана айрым башка ЖОЖдордун студенттери да бул өнөктүккө улам көптөп кошула беришти. Ак Үйдүн чыгыш ыптасында боз үй, чатыр да тигилип, ачкачылыкка чыккандар түнкүсүн дал ошол чатыр жана боз үйлөргө баш пааналап жатышты.

Өмүрбек Абдрахманов агайдын олуттуу өнөрүн дал ошондо көрдүк. Ал куйкум сөз гана сүйлөбөстөн, жамактатып сатиралык ырлар да жазып, пикетчилерге жана аларды колдоочуларга таркатып кирди.

Демократиячыл саясий ачкачылык өнөктүгүнө катышып жаткандар үчүн бул саясий сатиралык ырлар өзгөчө моралдык колдоо болгондугун сөз менен айтып жеткире албайбыз.

Өмүрбек агайдын сатиралык курч ырларын ого бетер ажарына чыгарган нерсе – белгилүү карикатурачы Абдусалам Абдурахманов агайыбыздын ар бир ырдын кейипкерине арналган азил сүрөттөрү болду, десек жаңылышпайбыз.

Бул ырлар жана азил сүрөттөр бири-бирин толуктап, ошол кездеги КДКчылардын демократиячыл ураандарын далай замандаштарыбызга ташка тамга баскандай жеткирип турду.

Албетте, Өмүкөнүн ырларынын айрым саптарынын көркөмдүгү бөксө болгону менен саясий жактан курчтугу аларды окуган жана карикатураларды көргөн КДКчы үзөңгүлөштөрүн жана башка келип-кетип жаткан мекендештерди өзгөчө маашырлаткан. Анын ырларынын бутасы болгон саясатчылар деле, балким, бул саптарга өтө сабырдуу мамиле кылышкандыр. Мисалы, Абсамат Масалиев агайды маймылга теңеген ыр саптары менин табитим үчүн ылайыксыз болгонун азыр деле айта алам.

Бирок ошол учурда коомдо курч саясий күрөш жүрүп жаткан. Эгерде тоталитардык түзүлүштү жактоочулар Советтер Биримдигинде жана Кыргызстанда жеңип кетишчү болсо, анда далай КДКчылар өтө сылык сөздөрдү айтышканына жана тынч жүрүм-турумуна карабастан, камалып кетиши деле ажеп эмес болчу.

Кудай жалгап, Кыргызстанда жарандык коом жеңип чыкты. Ошондо тынч жеңилип берген, зулумдукка барбаган эскичил коммунист Абсамат Масалиев агайыбызга да ушунча көп убакыт өткөн соң ыраазычылык айткыбыз келет.

Ал эми ошол тапта президенттикке “демократиячыл өкүл” катары шайланган илимпоз Аскар Акаев мырза бара-бара далай демократ айдыңдарды, саясатчыларды жана журналисттерди абакка салган, эркин басылмаларга бөгөт койгон алгачкы президент болуп калбадыбы!

Ал эми Өмүрбек Абдрахманов агабыздын сатиралык ыр саптары Абдусалам Абдурахманов агайыбыздын карикатурасы менен шөкөттөлүп, КДКнын “Майдан” гезитине да жарыяланып жатты, андан соң өзүнчө китепче да болуп көп нускада жарык көрдү.

Өз киндигин өзү кескен ишкерлерден эле

Өмүрбек Абдрахманов агайыбыз Кыргызстандын постсоветтик эгемендик доорунун алгачкы жылдарында батылдык кылып, жеке ишкер түйшүгүн өз ыктыяры менен тарткан жергиликтүү ишкерлердин алгачкы ири дүбүртүнүн бир өкүлү болуп калды.

Тээ 2004-жылы 11-февралда ал кездеги “Азаттык” үналгысынын экономика тармагындагы мыкты серепчиси, экономист окумуштуу жана публицист Сапар Орозбаков агабыз Өмүкөнү да маеккен тарткан.

Ошол маектен үзүндүнү “үзүктөй кылып” узунураак берели, себеби Сапар агабыз окурманга жолдогон маалыматтар талдоого чакырган факттарды камтыйт:

“Өмүрбек Абдрахманов, 55 жашта. Кыргыз улуттук университетинин математика факультетин бүтүргɵн. Өз кесиби менен совет убагында да иштеген эмес. Кыргызстанда демократиялык кыймыл башталганда чоң саясатка аралашып, бир нече жыл жүргɵндɵн кийин гана накта бизнестин жолуна түшкөн. Аларман табылбай аткан бир чоң дүкɵндүн бир жак ыптасын сатып алган күндɵн баштап эмерек бизнесине баш оту менен кирип кеткен. Анын «Азат» компаниясы өлкөдөгү эмерек чыгарган ишканалардын абройлуусу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндɵ өндүрүшүн кеңейтип, эмерек чыгарчу дагы бир ишкананы куруп жатат. Өмүрбек Абдрахманов эмерек жасаганды Түркиядан үйрөнүп келген. Ал саясатка аралашып жүргөндө «Депутаттык азилдер» деген китеп чыгарганы маалым. Анда сөз Өмүрбектин өзүндө:

– Жашоо үчүн, нан үчүн көп нерсе менен алагды болдум. Шыпыргы саткан күндөр да болду. Калпак тигип саткан күндөр болду. Шекер саткан күндөр болду. Ошентип, анча-мынча акча тапкандан кийин дурус адамдар менен жолугуп калдык. Анан эмерек дүкөнүнүн бир жагын сатып алганыбыз түрткү болуп кетти. Сатып алганыбыз да кызык болду. «Чоң дүкөн экен, муну эмне кылмак элек» деп эч ким албай коюптур. Айласы жок аны бизге беришти. Биз карызга акча таап, сатып алганбыз. Бул 1992- жылы болгон. Ошону менен биз эмерек менен иштөөгө мажбур болдук. Чет мамлекетке - Дубайга барып, баш аягы 3 жылдай жүрдүм. Ал жактан эмерек жиберип турдум. Ал жерден жакшы адамдар менен жолугуп, алар бизге эмеректи акчасыз берип турушту. Биз аларды уят кылбай, акчасын кайрып берип турдук. Ташып атып мойнубуз жооруду.

Андан кийин «эмне үчүн биз чыгара албайбыз» деп ойлодук. «Биздин колубуз, мээбиз жокпу, аракет кылалы» дедик. Дубайдагы фабрикаларды көрдүк. Анан Түркияга бардык. Үйрөнө турган жер Түркия болду. Түрктөр бизди туугансынып жашыруун сырларын айтып беришип, баарын көргөзүштү. Эмерек жасаганды ошол жактан үйрөнүп келдим. Келгенде Германиянын кредиттик линиясынан кредит алдым. Германиядан станок, машинелерди сатып алып, азыркы фабриканы курдум. Анан иштей баштадык. Быйыл 7 жыл болуп калды кредиттен кутулдук".

Кийинчерээк Өмүрбек агай далай башка окуяларды баштан кечирди. Анын ишкер катары кодуланган, чет өлкөгө убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгон учурлары маалым. 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан соң ал “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат да болду.

Андан соң, өмүрү өткүчө, Кемин өрөөнүндө багбан катары жеке ишкердик менен алектенип келди.

Албетте, өзү да маектеринде айтып калчудай, анын ишкердик долбооруна колдоо көрсөткөн саясатчылар, ишкерлер жана каржылык корлор да болгон. Бул жаатта эми көзү тирүү саясатчылар жана башка замандаштар ыймандай сырларын айтып, тарыхый доорду тактоо үчүн маалымат беришээр.

Маевскийдин тастыкталбаган дооматына кошумча доомат

Өмүрбек Абдрахманов агабыз өз пикирин так айткан, кээде кырс сүйлөгөн, кээде такмазалап турган, көжөлүп алганда өз оюн эч бербеген инсандарга кирет.

Ал өзүнүн айрым мурдагы үзөңгүлөштөрү менен жулмалашып кеткен учурлар дагы катталган.

Өзүнүн КДК доорундагы үзөңгүлөшү, уламыштык Жогорку Кеңештеги нагыз элдик депутаттардан болгон Өмүрбек Текебаевге ал 1990-жылы күзүндө мындайча мактаган ыр саптарын арнаган:

“Талашып чындык таламын,

Талантың көрдүк баланын.

Орду менен сүйлөдүң,

Ойлобой ойдун жаманын.

Накта жигит Өмүрбек,

Намыска өзүң жарадың...”

Кээде Өмүрбек Абдрахманов байкебиз бирөөгө жөн жерден асыла кетип, бирок кайра жүйөөгө муюп калган учурлар деле болгон. Кээде ал кайсы бир саясатчыга айткан доо сөзүнөн жанчу эмес.

Маселен, президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда жогоруда Ө.Абдрахманов өзү мактаган аты уйкашына – мурдагы үзөңгүлөшү Өмүрбек Текебаевге каршы анын дооматын да эске алуу менен ачылган кылмыш иши боюнча 2017-жылы 26-февралда Ө.Текебаев камакка алынгандыгы, кийинчерээк көрсөтмө берүүдөн баш тартып, Ө.Абдрахманов сотко эч келбей койгондугу маалым. Бул окуя – орусиялык шойкомдуу ишкер Леонид Маевскийдин кийин тастыкталбаган көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Ата Мекен" партиясынын ал кездеги лидери, Жогорку Кеңештеги фракциянын төрагасы Ө.Текебаев бул орусиялыктан “1 миллион доллар пара алган” деген доо боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу орун алган.

Маселен, 2019-жылдын 23-декабрында жарыяланган “Азаттыктын” маалыматында Ө.Абдрахманов Ө.Текебаевге байланыштуу сот отурумуна келбей койгондугун өзүнүн жарандык укугу менен байланыштырып, мындай деп айтканы бар:

“...Эгерде мени сотко күч менен алып келүүгө аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын. Азыр андай-мындай деп айткан туура эмес. Мен барбайм дедим, болду! Мен пенсионермин, жашым 70тен ашып калды. Ал жерге барып алып, ошол жерден инфаркт кармап өлгүм келбейт. Өздөрү чечип алышсын. Мен азыр тынч жашаган фермермин. Эч жакка барбайм. Саясатка да аралашпай койдум. Мен ага каршы көрсөтмөмдү Текебаев камалган учурда берген жокмун. Аны мен ал камалганга чейин эле гезиттерге чыккан маегимде «мына ошондой болгон» деп кийин сотто кайталап айтып койгом. Ал жерде мен аны «акчаны алган же акча алган эмес» деген жокмун. Болгону мен фактыны гана айткам...”

Кийинчерээк, 2019-жылы августта, Ө.Текебаев абактан үй камагына чыкты, ал эми 2020-жылы кыргыз соту аны биротоло актады.

Ар кимдин өз чындыгы бар, деген кеп айтыла калат эмеспи. Бирок Ө.Абдрахмановдун өз үзөңгүлөшүн айыптаган сөздөрү (бул доомат сөздөн ал өзү өмүр бою баш тартпагандыгына карабастан) далилдөөгө жатпай турган жоромол доомат болуп калгандыгы да анык.

Албетте, кыргыздардын көпчүлүгү көзү өткөн киши тууралуу жалаң гана жакшы нерселерди айтуу абзел деп санашат. Бирок саясатчы жана коомдук ишмер инсандар тууралуу ачык сөз кылуу жарандык коомдун аруулугу үчүн өтө зарыл экендиги дүйнөлүк коомдук тажрыйбадан айгинеленет.

Демократиянын жарчысы бойдон кала берди

Маркум агайыбыздын тагдырынын соңку кезеңи жөнүндө сөз кылганда, бир нерсе айдан ачык: Өмүрбек агай өз пикирин талбай айткан жана өзү ишенген гуманисттик асыл-нарктарды ырааттуу аңдатууга умтулган тубаса агартуучу эле.

Ал айрым замандаштары “ыңгайсыз” деп чочулап, байккамаксан болуп кайрылбай өтүп кетчү көйгөйлөргө да атайылап кылчайчу.

Мисалы, ал балага өз энесинин ысымын өз аты менен тегатынын (фамилиясынын) ортосундагы ат (орусча “матчество”) катары берүү сунушун эч четке какпастан, бул ыкмага каршы чыккан төбөлдү ачык сынга алганы эсте.

Айрым маселелер боюнча талашып-тартыша кеткен учурларыбыз да болду. Маселен, ал “Азаттык” үналгысы жалаң гана демократияга үгүттөө иши менен алпурушуусу керек, эски коммунисттер менен эч качан маек курбашы керек, деп бир нече ирет жазды. Бул пикирине макул эместигимди ачык билдирип, ал өзү деле КДКга мүчө болгонго чейинки кезеңинде коммунисттик партияга мүчө болгондугун эске салчумун.

“Азаттык” – бул медиа каражаты, бардыгын калыс чагылдырат, демек, коомдун ар кыл катмарларынын өкүлдөрүнүн маанайын сурап, калайыкка калыс маалымдап турат, деген элем. Азыр да ушул турумду ырас көрөм. Болшевиктерче цензура орнотуу – натуура.

Атаганат, Өмүрбек агамдын быйыл 7-июлда мага “Фейсбук” аркылуу жолдогон бир суроосуна (“Тынчтыкбек, түз айтканда, биз Орус империясынын колониясы болгонбуз да. А Кокон хандыгында биз ким болгонбуз?”) жообумду саал маалкатып жатып, агайымдын көзү тирүүсүндө кыска-нуска айта албай калганыма өкүнөм.

Бирок бул суроонун жообу 1995-жылдан бери жарык көрүп жаткан окуу китептеримде жана башка эмгектеримде ырааттуу чагылдырылып келет: эгерде көп этностуу Кокон хандыгын аркалык кыргыздар көп учурларда жеришип, андан көз карандысыз болуу үчүн согуш жүргүзүп же көтөрүлүш чыгарып келишсе, ал эми анжыяндык кыргыздар деп жалпы шарттуу аталган көптөгөн кыргыздар Кокон хандыгын өз мамлекети катары санашкан.

1865-жылы Ташкенди коргоп жатып курман болгон кокондук ири кол башчы – кыргыз Алымкул Асан бий уулу болгон. Шераалыны жана анын айрым урпактарын Коконго хан көтөргөндөр – таластык, аксылык, алайлык жана баткендик кыргыздар болгон. Бул өңүттү маркум Ташманбет Кененсариеа жана анын шакирттери, ошондой эле Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов ж.б. тарыхчылар мыкты чагылдырышкан.

Тайлак баатыр Ырыскул уулу Кокон хандыгына каршы чыккан, бирок анын уулу Осмон датка Кокон хандыгын жана Кашкардагы эгемен Жетишаар мамлекетин колдоп, орусиялык оторчуларга каршы согушкан. Башка чөлкөмдөрдө Ооганстан эмиринин жана Бухара эмиринин бийликтерин колдоп кеткен кыргыз топтору да болгон. Тарыхты окуя кандай болсо, ошондой аңдашыбыз жана чагылдырышыбыз керек. Атаганат, ушул кыскача сөзүмдү “Фейсбуктагы” алиги жарыяма кийин гана кыстардым.

Бир маселе боюнча пикирибиз жана турумубуз ырааттуу түрдө бирдей болду: маркум Өмүрбек агайыбьыз дагы, ушул саптардын ээси дагы Орусиядагы путиндик режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун кескин айыптап келдик жана бири-бирибиздин бул жааттагы жарыяларыбызды ырааттуу колдоп турдук.

Анын “Фейсбуктагы” демократиячыл нуктагы айрым жарыяларын Заирбек Бактыбаев инибиз “Өмүрбектин осуяттары” деген аталышта кынаптап топтоп берген экен, бир саамга көңүл бөлө кетсеңиздер болот:

Өмүрбек агай жемкорлукту жеңүүнүн, экономиканы өнүктүрүүнүн, жалпы коомдук ырааттуу өнүгүүнүн бирден-бир аргасы – демократиялык башкаруу жана либералдык базар экономикасы, деп баса айтып, кыргыз жарандык коомун демократиялык баалуулуктардан эч качан баш тартпоого акыркы деми калганча үндөп келди.

Эгерде болочоктогу Кыргыз Республикасынын жарандык коому болжолдуу авторитардык зулумдук режимдин, эскичил динчилердин, мурдагы падышалык оторчулукту жаңыча ыкмада калыбына келтиргиси келгендердин, тоталитардык жана авторитардык партиялык башкарууну таңуулоочулардын тузагына эч түшпөстөн, көп этностуу жумуриятыбызды ачык коому бар демократиялуу, эркин базар мамилелерине таянган заманбап мамлекет катары өнүктүрүүнү уланта берчү болсо, анда маркум Өмүрбек Абдрахмановдун кыялы Атиажуртубузда жүзөгө ашты, деп айта алабыз.

Өмүкө агай, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Алатоолук ак калпак элиңиз өлкөбүздөгү демократиялык өрүштү эңсеген жана ошол мүдөө үчүн жаш муундарды тарбиялоого салым кошкон Сиздей чыгаан уулун, багбан уулун, ишкер уулун, ойчул уулун эч унутпайт.

Үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG