Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

ӨКМ Көл-Төрдүн суусунун көлөмү азайтылганын билдирди


Көл-Төр. ӨКМ тараткан сүрөт.
Көл-Төр. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусундагы Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн суусунун көлөмү азайтылганын билдирди. Көл толук изилденгенин, ташып кетүү коркунучу жоктугун маалымдады.

"Көлгө министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары барган. Изилдөөдө көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык экени, жырылып кетүү коркунучу жоктугу аныкталган. Ага карабай көлдүн толуп калуу, жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, сифон ыкмасы менен көлдүн суусун азайтышты. ӨКМ адистери Көл-Төрдүн этегинде жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдиришти", - деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Ысык-Ата районуна караштуу Такыр-Төр көлү жырылып, ага жакын жашаган айылдардан жүздөгөн киши эвакуацияланган, аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экени белгилүү. Тоодогу кооптуу көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG