Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Тил сынагынан кулаган мигрант балдар Орусиядан чыгарылабы?


Мектеп жашындагы баласы орус тили боюнча сынак тапшыра албай калган мигранттын бүлөсүн Орусиядан чыгаруу боюнча сунуш Мамдуманын профилдик комитетинде талкууланып жатканын бир катар орусиялык агенттиктер жазды. Орусиядагы кыргыз мигранттары балдарын мектепке киргизе албай даттанып келишет.

Айрым мигранттар балдарын окууга киргизе албай, кайрадан Кыргызстанга кайтууда. 18 жылдан бери Москвада миграцияда жүргөн Венера балдарын мектепке бере албай, кайра туугандарына жиберген.

“Балдарым жанымда болсун деп Москвага алып келип окутайын дегем. Тилекке каршы, документтер боюнча талаптары аябай күчтүү болду. Бардык документтерди толуктап жасасам дагы балдарымды мектепке киргизе албадым. Быйыл балдарымды кандай жол менен окутарымды билбейм. Аларды азыр Кыргызстанга эжемдин колуна жөнөттүм”.

Балдары орус тилинен сынактан өтпөй калган мигранттар эми өлкөдөн чыгарыларын бир катар орусиялык басылмалар жазып чыкты. Демилге мамлекеттик думада жана профилдик мекемелерде талкууланып жатканын орусиялык укук коргоочу, улуттар аралык маалыматтык борбордун директору Нурзида Бенсгиер билдирген:

Нурзида Бенсгиер
Нурзида Бенсгиер

“Балдары менен кирип, бирок алардын билими тууралуу ойлонбогон ата-энелердин пайызы чоң бойдон калууда. Алар ата-энелик укуктарын аткарбаганы жана баланын билим алуу укугун бузганы үчүн жакында өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн”.

Былтыр жыл соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, орус тилин начар билген мигранттардын балдарын мектепке алууга тыюу салынып, милдеттүү тестирлөө киргизилген. Апрель айында Орусиянын Рособрнадзор мекемеси тил экзаменинин талаптарын күчөтүп, мектепке алуу көрсөткүчүн 30 пайыздан 90го чейин көтөргөн.

Орусияда мекендештердин көйгөйлөрүн көтөрүп жүргөн активист Азамат Адылгазиев балдарын мектепке киргизе албай Кыргызстанга кайтып жаткандар арбын экенин айтты:

Азамат Адылгазиев
Азамат Адылгазиев

“Москва облусунда, өзгөчө Москвада балдарды мектепке берүү үчүн алгач mos.ru деген сайтка катталыш керек. Былтыр mos.ru мамлекеттик кызматынан аябай көп мигранттардын балдарын кабыл алуудан баш тартып коюшкан. Мигранттар элчиликке, Кыргызстанга кайрылып жүрүштү. Бир нече ата-эне Whatsapp группа ачып, маселе көтөрүшкөн, бирок эч нерсе чечилбей калган. Быйыл деле ошол эле көрүнүш. Балдарын бала бакчага, биринчи класска киргизе албай жүргөндөр көп болуп, 90 пайызы балдарын Кыргызстанга жөнөттү. Менин билишимче балдары 7 жашка чыгып, окубай калгандар дагы бар".

Орусия: Тил билбеген балдарды өлкөдөн чыгаруу сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00



Кыргызстандын Агартуу министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башкы адиси Самат Тоялиев Орусиядагы мектеп жашындагы балдардын жагдайы боюнча министрлик Орусияга атайын кат жолдогонун билдирди:

Самат Тоялиев
Самат Тоялиев

«Буга чейин биздин министр Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовго дипломатиялык каналдар аркылуу расмий түрдө кат менен кайрылган. Ал жерде мигранттардын балдарын мектептерге кабыл алуудагы тоскоолдуктар боюнча тынчсыздануусун билдирип, жеңилдиктерди берүүнү суранган. Айрыкча 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген мыйзам боюнча мектепке кабыл алууда орус тилин тиешелүү деңгээлде билүү боюнча. Биздикилер КМШ мамлекеттердин арасынан Кыргызстанда орус тилине расмий статус берилгени, Кыргызстандын мектептеринде орус тил расмий тил катары, эне тил катары окутулуп жаткандыгын жүйөө келтирип, мигранттардын балдарын орус тилинен экзамен берүүдөн бошотууну суранган».

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров стратегиялык өнөктөш деп эсептелген мамлекеттер ортосунда айрыкча билим берүү тармагында катаал чаралар колдонулбашы керек эле деп эсептейт:

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

«БУУнун деңгээлинде кабыл алынган документтер бар. Ал жерде окууга, дин тутууга чектөөлөр жок болушу керек деген келишимдер бар. Ага Кыргызстан дагы, Орусия дагы кол койгон. Бир дагы мамлекет балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектебеши керек. Экинчиден, убагында эл канчалык каршылык көрсөтсө дагы Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизген да. Анда мамлекеттерге жеңилдиктер, артыкчылыктар бар. Эгерде чектөөлөр боло турган болсо Кыргызстандын Бажы биримдигинде жүргөнүнүн кандай мааниси бар деген суроо туулат».

Жаңы окуу жылында сыртта жүрүп, мектепке кире албай калган балдар үчүн “Тунгуч” онлайн мектеби түзүлүүдө. Тиешелүү чечим үстүбүздөгү жылы 19-мартта министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Бул жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же болбосо ата-энеси менен бирге сырткы миграцияда жүргөн балдар кабыл алынат. “Тунгуч” онлайн мектебинин директорунун орун басары Жайнак Ибрагимов балдарды кабыл алуу августтун экинчи жарымында башталарын билдирет:

Жайнак Ибрагимов
Жайнак Ибрагимов

«Азыркы учурда «Тунгуч» онлайн мектебине платформа иштелип жатат. «Улут Софт» компаниясы аркылуу жасалууда. Бул платформада бардык: ата-эне, мугалим, окуучу дагы иш алып барат. Ал жерде бардык предметтер боюнча китептер, видео сабактар, презентация, аудио сабактар, 3Д моделдер менен жогорку деңгээлдеги окуу материалдары түзүлөт. Материалдарды окуучу канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн текшере турган тесттик тапшырмалар болот. Ошонун негизинде биз иш алып барабыз. Платформага окуучулар катталууга мүмкүнчүлүк бар. Ар бир окуучунун катталгандыгы тууралуу бизге билдирүү келип түшөт. Биз ал окуучу менен ата-энеси аркылуу байланышып, абалды түшүнгөндөн кийин тийиштүү документтерди тиркешет. Өздүк делосу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана башка документтердин тизмесин биз карап чыгып, туура келсе, аралыктан каттап коебуз. Бул жерге өзүнчө келип, катталыштын зарылдыгы жок болот».

Онлайн мектеп пилоттук түрдө иштеп баштайт. Билим берүү кыргыз тилинде жургүзүлөт. Адистин айтымында, көбүнчө окуучулар Орусиянын аймагынан катталат деп күтүлүүдө. Учурда ата-энеси менен сырткы миграцияда жүргөн балдардын так саны белгисиз дейт Агартуу министрлигинин өкүлү.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG