Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Кыргызстандагы криптовалюта базары: 9 млрд доллар айланткан биржа, Илан Шордун карааны


Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.

Британиялык Financial Times басылмасынын Кыргызстандагы криптобиржа жөнүндө иликтөөсүнөн кийин эл аралык, жергиликтүү медиаларда талкуу уланууда. Июндун аягында жарыяланган баяндамада айтылгандай, Кыргызстанда катталган аянтча 4 айда рублге байланган санариптик валюта менен 9 млрд доллар айланткан.

Криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгону, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турары маалымдалды.

Кыргызстан криптобазарды көзөмөлгө алуу үчүн үч жыл мурда мыйзам кабыл алып, бул жааттагы компанияларды расмий каттай баштаган. “Азаттык” кеп болуп жаткан биржанын чоо-жайын изилдеп көрдү.

Секирик жасаган криптобиржа жана токен

Эл аралык Financial Times басылмасы 25-июнда жарыялаган “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” (Crypto coin for Russian shadow payments moves $9bn) деп аталган макалада Grinex аттуу криптобиржа жөнүндө кеп болот. Медиа аталган биржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдайт. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндамада айтылат.

Financial Times басылмасынын башкы бетинен скриншот.
Financial Times басылмасынын башкы бетинен скриншот.

Басылманын журналисттери Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан. “Азаттыктын” кабарчыларынын бул маалыматты өз алдынча бышыктап чыгууга мүмкүнчүлүгү боло элек.

Financial Times өз изилдөөсүндө белгилегендей, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан токен Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Жөнөкөй түшүндүргөндө, чет өлкөгө акча которууну каалагандар так ушул инструменттерди колдонууда. Себеби, Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн.

“Орусиялык бизнесмендер жана өкмөттүк аткаминерлер канча убакыттан бери санкциялардан буйтап өтүү үчүн криптовалютаны ири масштабда колдонуу жөнүндө кеп кылып келатышат. Анын ичинде өздөрү ойлоп тапкан стейблкоинди пайдалануу жолу айтылып жүргөн”, – деген басылмага баш кеңсеси Лондондо жайгашкан CIR – Маалыматтык туруктуулук борборунун (Centre for Information Resilience) башкы изилдөөчүсү Элис Томас.

Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча. Анын бир нече түрү бар.

Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.

Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP жана Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.

Так ушул токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчалардын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат. Мисалы, Tether же USDT токени криптобазарда АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат.

Демек, Grinex криптобиржасында соодаланып жаткан A7A5 токени Орусиянын рублине теңме-тең байланган стейблкоин болуп жатат. Токен Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына кабылган Промсвязьбанктагы депозиттер менен камсыздалганы маалымдалат.

Financial Times басылмасы ырастагандай, бул токенди теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шорго таандык A7 аттуу компания жүгүртүүгө чыгарган. Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Илан Шор
Илан Шор

A7A5 стейблкоиндин директору Леонид Шумаков кеп болуп жаткан басылмага берген комментарийинде Кыргызстанды тандап алган себебин мындайча түшүндүргөн:

“Кыргызстан санкцияларга катуу кабылбаган, достук маанайдагы юрисдикция болгону үчүн тандалып алынды. Бул юрисдикция учурда Орусия туш болуп жаткан басымга каршы турууга чоң жардам көрсөтүп жатканы жашыруун эмес”, – деген ал.

Жабылган сайын ачылган аянтча

Financial Times’тын журналисттери A7A5 жана Grinex Орусияда көмүскө иштеген башка бир ири төлөм системасы кыйрагандан кийин пайда болгонун жазышат. Тагыраагы быйыл мартта АКШнын укук коргоо органдары Орусиянын Garantex деп аталган ири криптовалюталык биржасын жапкан. Tether Limited компаниясы Кошмо Штаттардын бийлиги менен кызматташууга барып Garantex’тин капчыктарындагы 23 млн долларлык USDT токендерин тоңдуруп койгон.

Grinex криптобиржасындагы токендерди алып-сатуунун динамикасы.
Grinex криптобиржасындагы токендерди алып-сатуунун динамикасы.

Elliptic деп аталган блокчейндерди анализдөөчү эл аралык компаниянын маалыматтарына ылайык, Garantex 2022-жылдын апрелинен бери 60 млрд долларлык транзакция жүргүзгөн жана аны негизинен орусиялык элита колдонгон. Блокчейндерди изилдөө боюнча Global Ledger деп аталган швейцариялык компаниянын маалыматтарына ылайык, Garantex жабылган соң андагы Tether (USDT) токендерининин бир бөлүгү жана 29 млн долларлык A7A5 токени Кыргызстанда ачылган Grinex биржасына чыгарылып кеткен.

“Garantex жабылып калган маалда каражаттарын чыгара албай калган колдонуучулар ал жактагы калдыктарын Grinex’те ачылган жаңы капчыктарына которуп алышкан. Ошондуктан Grinex Garantex’тин түздөн-түз мураскери экени анык жана жаңы аянтчаны эски аянтчадагы ошол эле тараптар башкарат деп айтсак болот”, – деген Elliptic компаниясынын негиздөөчүсү Том Робинсон Financial Times басылмасына.

Медиа Grinex компаниясына байланышкан учурда алар Garantex менен байланышта экенин төгүндөшкөн, бирок жабылган биржадагы “таза иштеген кардарларды” өздөрүнө өткөрүп алганын ырастаган.

Дайыны жок даректер

Кеп болуп жаткан Grinex криптобиржасы Grinex.io аттуу сайтта жайгашкан. Сайттын өзүндө жана анын расмий Телеграм каналында биржага ээлик кылган компаниянын аталышы көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, Виртуалдуу активдерди соодалоочу операторлордун реестринде, башкача айтканда криптобиржалар реестринде мындай аталыштагы компания катталган эмес.

Ошол эле сайттагы Виртуалдуу активдерди алмаштыруучу операторлордун реестринде же криптовалютаны алып-сатуучулардын реестринде болсо “Гринекс” атуу фирма катталган. Ал grinex.kg деген сайтты иштетет экен. Сайтта алып-сатуу боюнча жарыялар коюлганы менен биржа сыяктуу котировка, же алып-сатуу процесси көрсөтүлбөйт.

Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды электрондук каттоо системасынан көрүнүп тургандай, “Гринекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун (каттоо номуру 311748-3301-ООО) негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Дуулат-Эльдар Субанкулов аттуу жаран көрсөтүлгөн. “Азаттык” аны менен байланышкан учурда Субанкулов өз наамындагы “Гринекс” компаниясы Grinex криптобиржасына тиешеси бар-жогун ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

7A5 стейблкоиндин расмий сайтынын башкы бети.
7A5 стейблкоиндин расмий сайтынын башкы бети.

Ал эми A7A5 стейблкоиндин расмий аянтчасы деп берилген a7a5.kg сайтында токенге Кыргызстанда катталган “Олд Вектор” (Old Vector, каттоо номуру 311479-3301-OOO) аттуу компания ээлик кылары маалымдалган. Компания Юстиция министрлигинен 2024-жылдын 13-декабрында каттоодон өткөн.

Ушул убакка чейин фирманын негиздөөчүсү жана ээси катары Татьяна Меньшикова аттуу аял жазылып турган. Эл аралык медиалардагы чуудан кийин, тагыраагы 27-июнда фирма кайра каттоодон өтүп, Анвар Акылбеков аттуу жаран кожоюн жана директор болуп калган.

"Old Vector" компаниясы жайгашат деген дарек
"Old Vector" компаниясы жайгашат деген дарек

Компаниянын дареги катары Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Кызыл-Адыр көчөсү, №172 үй көрсөтүлгөн. “Азаттыктын” кабарчылары аталган дарекке барып, ал жерде эч кандай компания катталбаганына күбө болду. Аталган даректе чакан, эски үй турат жана анда жашагандар компанияны да, анын жетекчисин да тааныбай турганын айтышты. Компаниянын кожоюндары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Илан Шордун изи

Башка бир кызык жагдай, токендин сайтындагы документтерде “Олд Вектор” компаниясына стейблкоинди “А7-Кыргызстан” аттуу компания бере турганы жазылган:

“Жайгаштыруу пландалып жаткан 100 000 000 (рубль) көлөмдөгү А7А5 токенин 100% “А7-Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому камсыздайт”, – деп белгиленген келишимдин долбоорунда.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтында жазылгандай, “А7-Кыргызстан” компаниясы быйыл 17-январда каттоодон өткөн (каттоо номуру 312344-3301-ООО). Жетекчиси такталган эмес, бирок негиздөөчүсү катары чет элдик А7 компаниясы көрсөтүлгөн. А7 компаниясына теги молдовалык, учурда Орусияда турган Илан Шор ээлик кыларын жогоруда белгиледик жана мындагы байланыштар Financial Times басылмасы келтиргендей чыгууда.

“Азаттык” Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына суроо-талап жөнөтүп, аталган фирмалар жөнүндө маалымат сурады.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.

Мекемеге барганыбызда Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн адиси Чынара Бактыбекова биздин суроонун үстүнөн иштеп жатканын, мыйзам белгилеген убакытта жооп берерин билдирди. Ал ошол эле маалда “Олд Вектор” компаниясы жөнүндө учкай маалыматтарды айта кетти.

Бактыбекова: Мен силердин суроо-талапты эми эле алдым. Документтерди толук карап чыгып, кайра кагаз түрүндө гана расмий жооп берем. Азыр мен сизге так эч нерсе айта албайм.

“Азаттык”: Сиздердин сайтыңыздардагы реестрге акыркы маалыматтар киргизилип турабы? Ошондон эле алып айтып бере албайсызбы?

Бактыбекова: Биздин реестрде “Гринекс” деген орусча жазылган фирма турат. А силердин суроо-талапта болсо англисче Grinex деп жазылган. Ал Grinex эл аралык криптобиржа. А берки “Гринекс” бизден алган лицензия менен иштейт, анын үстүнө жөн гана криптовалюта алмаштыруучу оператор. Криптобиржа эмес. Мунун баарын талдоо үчүн мен бардык документтерди казып чыгышым керек.

“Азаттык”: “Олд Вектор” боюнча да маалыматтар белгисизби?

Бактыбекова: “Олд Вектор” каттоодон өткөн.

“Азаттык”: Каттоодон өткөн, бирок сиздерден лицензия алган эмес, ээ?

Бактыбекова: Алар лицензия албайт, алар уруксат кагаздарын алышат. Ал компания токен чыгарат.

“Азаттык”: Токен чыгаруучулардын реестрин сайттан таба алган жокпуз го. Аны каяктан алса болот?

Бактыбекова: Анын реестри сайтка чыгарылбайт. Ал конфиденциалдуу маалымат болуп эсептелет. Токен чыгаргандар криптовалютаны эмиссиялоо деген тартип менен каттоодон өтүшөт. Документ тапшырышат, анан алышат.

“Азаттык”: “А7-Кыргызстан” компаниясы да сиздерден лицензия же уруксат кагаздарын алганбы?

Бактыбекова: Мен ал боюнча жооп бере албайм. Ал үчүн лицензиялоо бөлүмүнө кайрыласыз.

“Азаттык”: Grinex криптобиржасы жана анда соодаланып жаткан A7A5 токени жөнүндө Кыргызстандын Финансы министрлигине жана Улуттук банкына да кайрылды. Эки мекеме тең “криптобиржаларга лицензия берүү жана көзөмөл жүргүзүү алардын компетенциясына кирбей турганын” белгилешип, суроону Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына берүүнү өтүнүштү.

Жогоруда белгилегенибиздей, бул кызмат болсо суроо-талапка мыйзамда талап кылынган убакыт аяктаганга чейин жооп берерин билдирди.

Үч брокердин үнү

Биз кеп кылып жаткан a7a5.kg сайтындагы маалыматтарда алар токендерди алып-сатууну “Даймонд Капитал”, “Бит Юни Брокер” жана “Эльвес” аттуу брокердик фирмалар аркылуу жүргүзөрүн маалымдаган. Бул үч компанияда тең Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан брокер, дилер жана ишенип берилген инвестициялык активдерди башкаруу деген категориялар боюнча үчтөн лицензиясы бар экен.

“Даймонд Капиталдын” кожоюну катары Тилек Эралиев аттуу жаран, жетекчиси катары Улан Корчубеков аттуу жаран көрсөтүлгөн. Бирок компаниянын дареги катары “Олд Вектор” компаниясынын дареги менен дал келет экен.

Тилек Эралиевге телефон чалганыбызда ал аталган компанияларга байланышын төгүндөдү:

“Биздин “Даймонд Капитал” фирмасынын “Олд Вектор” компаниясы менен да, “А7-Кыргызстан” компаниясы менен да эч кандай байланышы жок. A7A5 токен менен да иштебейбиз. Мен акцияларды сатуу жаатында 20 жылча убакыттан бери иштейм, “Даймонд Капитал” фирмасын жакындан эле сатып алгам. Бирок мен анын мурдагы ээлерин да билем, алар деле ошол компаниялар менен иштешкен эмес. Бул жаңы компания, эч кандай биржага чыга элек. Даректери окшош болуп калганы ал каттоого жардам берген юристтерден кеткен го. Юристтер кайсы бир адамдарга акча төлөп, алардын үйлөрүнө фирмаларды убактылуу каттоого коюп турат. Кеңсе тапкыча. Балким, “Олд Вектор” менен “Даймонд Капитал” фирмасын юрист ошентип бир дарекке каттап койсо керек. Азыр бизде кеңсе жок. “Олд Вектор” эмне үчүн токендер биздин компания аркылуу сатылат деп жазып коюшканын билбейм. Биздин фирманын маалыматтары Юстиция министрлигинин же Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын сайтында ачык эле турат да. Алар ошол жактан алып эле, кошуп, жарыялап салышы мүмкүн. Эгер биз ошол фирманы тапсак анда ага расмий түрдө кайрылып, дооматыбызды айтабыз”.

Токенди сатуучулар катары мүнөздөлүп жаткан фирмалар – “Бит Юни Брокердин” жетекчиси катары Бектур Осмонбеков, “Эльвесттин” жетекчиси катары Кубатбек Алымбеков аттуу жарандар көрсөтүлгөн. Ал фирмалардын даректери башка жакта экен, өздөрү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Арийне, дүйнөлүк биржалардагы криптовалюталарды Кыргызстандагы алмаштыруу боюнча лицензия алган жайлар алып-сата алышат. Алардын көбү Grinex криптобиржасын билишпейт экен. Билгендери анда менен соода кылуудан чочулашат экен.

Grinex биржасын презентациялоо учуру. Биржанын Телеграм каналынан алынган сүрөт.
Grinex биржасын презентациялоо учуру. Биржанын Телеграм каналынан алынган сүрөт.

Криптовалюта алып-сатуу менен алектенген бир нече кишиге чалып жатып бул жаатта иштеген Даирбек Жумабаевге туш келип, мындай пикирин уктук:

“Мурда Garantex деген биржа бар болчу. Tether компаниясы Garantex’теги капчыктарды жаап, активдеринин баарын тоңдуруп коюкашканын билсеңиздер керек. Так суммасы эсимде жок. Ошо менен Garantex жабылып кеткен. Менин билишимче ошолордун эле ээлери Grinex деп биржа ачышкан. Бул Кыргызстандын биржасы эмес, Орусиянын биржасы. Анда көбүнчө рубль менен соода болот. Бирок бул биржалар санкцияга илинген аянтча болгондуктан Кыргызстандагы криптовалюта алмаштыруучулар ал биржалар менен иштебейт. Мен да иштебейм. Биржанын ичин карап көргөм, көбүнчө анда орусиялыктар олтурушат. Алар рубль салып А7А5 токенин сатып алышат, аны менен USDT сатып алышат, анан кайра рубль чыгарышат экен”.

Кыргызстандын криптовалюта рыногу

Ырас, Financial Times басылмасы казып чыккан криптобиржанын Кыргызстанга байланышы бул өлкөдөгү бардык криптотүйүндөр Орусияга көмөктөшүп жатат дегенди билдирбейт. Себеби, кыргыз жергесинде иштеген криптотүйүндөрдүн жана криптооператорлордун баарында күмөндүү нерселер бар деп айтканга да болбойт.

Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган.

Натыйжада Кыргызстанда криптомайнинг, криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүү жана башка нерселер мыйзамдаштырылып, каттоого старт берилген. Үч жылдын ичинде 13 криптобиржа, 162ге криптовалюта алып-сатуучу жай катталды.

Ал тургай бийлик өзү да Coin National Exchange (башка аталышы Coin Nomad Exchange) аттуу крипто биржа ачып, Улуттук крипто резерв түзүүнү жана USDKG аттуу өз токенин чыгарууну мерчемдеп жатканы ачык булактарда белгиленип келет.

Дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжао май айынын башында Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаровго кеңешчи болду.

Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров. 3-май, 2025-жыл.
Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров. 3-май, 2025-жыл.

Деген менен кыргыз өкмөтү криптовалюта базарына өзгөчө көңүл бөлүп жаткан чакта Илан Шор сыяктуу чет элдик олигархтарга байланышы бар делген криптокомпаниялар Кыргызстандагы мындай жагымдуу шарттарды өз пайдасына колдонуп жатышы мүмкүндүгүн да четке кагууга болбойт.

Шордун аты илешкен башка иштер

Баса, жогорудагы жагдай Илан Шордун ысымы илешкен Кыргызстандагы алгачкы иш эмес.

Быйыл январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы “Керемет Банкка” санкция салган. Буга аталган банк “эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганы” себеп катары көрсөтүлгөн.

Кошмо Штаттардын билдирүүсүндө 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет Банктын” акцияларынын контролдук пакетин Орусиянын өкмөтүнө жакын орус олигархына байланышы бар фирмага сатканы айтылган. Вашингтондун маалыматында молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы “Керемет Банктын” ролу тууралуу талкууларга катышкан.

Коллаж сүрөт.
Коллаж сүрөт.

Апрелде болсо Молдовадагы IPN маалымат агенттиги Кыргызстандагы “Капитал банк” жана ага молдован тектүү орус олигархы Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.

IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген. Бул схемага Алексей Ширшов, Игорь Гойхмандардын да тиешеси бар экени айтылат.

Кыргызстандын бийлиги Илан Шордун “Капитал банкка” тиешеси жоктугун билдирип, анын көзөмөл пакети Финансы министрлигине караштуу экенин маалымдаган. Президент Садыр Жапаров “Капитал банкка” байланыштуу дооматтарды четке каккан.

“Капитал банк” мамлекеттин, тагырагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100% мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок", - деп айткан Жапаров.

Мамлекет башчы “Керемет банкка” Орусияга жардам берет деп санкция салынганын эске салып, рубль менен бир эле "Капитал банк" иштейт деп аныкталганын кошумчалаган.

Жапаров "Ширшов менен Бакиевден корккондор ушундай жалган ушактарды тарата беришет. Аларга ишенүүнүн кереги жок", - деп белгилеген.

Июндун аяктарында Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөп жатканы кабарланып, андагы жумуштарды орусиялык “Евразия” уюму жүргүзө турганы ачыкка чыккан. Аталган уюм буга чейин да Кыргызстандын билим берүү тармагына аралашып, 2024-жылы мектептерге жүздөй автобус алып берген. Азыркы тапта Бишкектеги жаңы салынып жаткан стадиондун жанына “Евразия” деп аталган парк дагы курууда.

Мунун фонунда “Евразия” уюмунун артында да Илан Шор турат деген маалымат чыкты. “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев алгач бул маалыматты төгүндөгөнгө аракет кылды. Бирок июлдун башында “Евразиянын” камкордук кеңешинин мүчөлүгүнө Илан Шор да киргени белгилүү болду.

“Евразия” уюму 3-июлдагы билдирүүсүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамын аныкталганын, анда 12 киши бар экенин билдирген. Анда да Илан Шор бар.

Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жолугушуу.
Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жолугушуу.

Ошол эле жумушчу топко Кыргызстан тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган адамдар кошулду. Бул аткаминерлер жана Кыргызстандын жогорку жетекчилери “Евразия” уюмунун ишинде эл аралык издөөдө жүргөн адамдын ысымы аралашып жатканы жөнүндө үн ката элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG