Украинада cоңку бир суткада орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. Орусияда балдары орус тилинен сынактан өтпөгөн мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу сунушу талкууланууда. Президент Жапаров жалган маалымат таратууга жаза каралган экинчи мыйзамга кол койду.
Босния жана Герцеговинада 30 жыл мурдагы эл аралык коомчулук геноцид деп тааныган Сребреница кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө. 11-июлда Потокари мемориалдык борборуна жүздөгөн адамдар жана чет өлкөлүк делегациялар чогулду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимин бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган деп билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соңку апталарда өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп келет. Жыйын учурунда жергиликтүү жетекчилер кармалып же кызматтан кеткен учурлар болууда.
Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешти. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешүүсү өттү. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
Министрлер кабинети турак жай жана коммерциялык курулуштар үчүн "Инвест Кей Жи Холдинг" компаниясына Бишкектен 34 гектар жер тилкесин берүү чечимин чыгарды. Анын 2,2 гектар жери мурдагы Батыш автобекети.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топко Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин орус жарандыгын алган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Кремлдин кезектеги саясаты кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат
Орусиянын ички иштер министри «пайдасыз мигранттарды» өлкөдөн чыгарууну сунуш кылган. Мамлекеттик дума жергиликтүү органдарды келгиндердин балдары тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун караганы жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге нааразы экенин кайталап, Москвага каршы олуттуу санкция киргизүү ыктымалдыгы каралып жатканын билдирди. Бишкектеги Улуттук университеттен 3000ге чукул студент окуудан чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапар менен барды. АКШ Украинага курал-жарак берүүнү жандандырды. Бишкектеги Батыш автобекетинин жери кирген 34 гектар тилке “Инвест Кей Жи Холдинг” компаниясына 49 жылга ижарага берилди.
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Дагы жүктөңүз