Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

Екатеринбургда азери диаспорасынын башчысынын уулу кармалды


Москва менен Бакунун дипломатиялык тиреши уланып, бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган.
Москва менен Бакунун дипломатиялык тиреши уланып, бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган.

Орусиянын Екатеринбург шаарында азери диаспорасынын башчысы Шахин Шыхлинскинин уулу Мутвалы Шыхлински камалды. E1.RU сайты аны алгач тергөөгө суракка алып келишкенин, анын камалышы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерлерине залал келтиргени менен байланыштуу экенин жазды.

РБК басылмасы өз булактарына шилтеме кылып Шыхлинскинин камалганын билдирди, бирок ага кандай берене менен айып коюлуп жатканын тактаган жок.

Екатеринбургда "Азербайжан-Урал" уюмунун башчысы Шахин Шыхлински ушул айдын башында камалган. Baza Телеграм-каналы Шыхлински уулу менен "Баку плаза" соода борборунун жанында кармалганын билдирген, көп өтпөй экөө тең кое берилген.

Шыхлински өткөн айда Екатеринбургда азери тектүү 50дөн ашуун киши кармалган рейд маалында да суракка барган. Рейд учурунда 2001-жылы болгон адам өлтүрүүгө шектелген ага-ини Сафаровдор набыт болгон, дагы эки киши оор жараат алган.

Бул окуяга жооп катары Баку өлкөдөгү орусиялыктарды кармай баштаган. 1-июлда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, жети адам кармалган. Ошондой эле Орусиядан келген сегиз IT-адиси "уюшкан кылмыштуу топ түзүп, киберкылмыш жана Ирандан маңзат аткезчилиги менен алектенген" деп айыпталууда. Сотко алар бети-башы көгала болуп жеткирилген.

Эки өлкөнүн дипломатиялык тиреши уланып, Москва менен Баку бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган.

Өткөн аптада "Москва облусундагы азербайжандардын аймактык улуттук-маданий автономиясы" коомдук уюмунун жетекчиси Элшан Ибрагимов Орусиядан Азербайжанга депортацияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG