Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Сот Тилекмат Куреновдун абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узартты


Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу).
Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу).

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту 15-июлда жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узартты. Муну менен судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Куреновдун адвокаты Айбек Турдуев билдирди.

Атайын кызмат 19-апрелде Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.

Анын алдында соцтармактарла жакындары активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жазып чыгышкан.

Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй милициясы Куренов менен байланышып, Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.

Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ошондон бери Дубайда жүргөн.

Куреновду Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

УКМК май айында Куреновдун сотко аксап, таякчан келген себебин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырган. Социалдык тармактарда анын ур-токмокко алынганы тууралуу жоромолдорду жокко чыгарган. Куреновдун жактоочусу айрым жергиликтүү медиага Куреновдун өнөкөт омуртка оорусу бар экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG