Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

Сириянын Сувейда шаарында кармаш жанданды. Израил соккуну улантарын эскертти


Сириянын өкмөттүк аскерлери Сувейда шаарында. 14-июль, 2025-жыл
Сириянын өкмөттүк аскерлери Сувейда шаарында. 14-июль, 2025-жыл

Сириянын Сувейда чөлкөмүндө шаршембиде  өкмөттүк армия менен этностук друз азчылыгынын кошуундарынын кармашы жанданды. Ок атышууну токтотуу режими бир нече саатка гана созулду. Ал аймактагы  чатакка Израил кийгилишип, сириялык аскерлерге абадан сокку урган.

Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү аны дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер ортосундагы жаңжал деп мүнөздөдү.

Былтыр декабрда Башар Асаддын 25 жылдык бийлиги кулагандан бери катталган биринчи масхаб аралык жаңжал Сириядагы ар кандай топтордун пикир келишпестиктерин ачыкка чыгарып, улуттук, диний азчылыктар исламчылар башкарган өкмөткө анча ишенбегенин көргөздү.

Өткөн дем алууда түштүктөгү Сувейда провинциясына шийи друз азчылыгынын кошуундары менен суни бедуин уруусунун өкүлдөрү кагылышканда ондогон киши каза тапкан. Сириянын Ички иштер министрилиги 30дан көп киши өлгөнүн, 100дөйү жарадар болгонун билдирсе, Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория бери дегенде 99 киши, анын ичинде эки бала жана 14 коопсуздук кызматкери мерт кеткенин маалымдады.

Дүйшөмбүдө өкмөттүк аскерлер тартип орнотуу үчүн Сувейда провинциясына жөнөтүлгөн. Бирок алар друз согушкерлери менен атыша баштаган.

Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү друздар менен бедуиндердин кагылышууларын дин аралык чыр-чатак эмес, мамлекет менен бандиттер, кылмышкерлер ортосундагы жаңжал деп мүнөздөдү.

“Бийлик Сувейдадагы друз жамаатын улуттук биримдикт орнотууда өнөктөш катары кабыл алат”, - деп айтты Нуреддин аль-Баба Associated Press агенттигине.

"Друздарга болушабыз" деген Израилдин армиясы - ЦАХАЛ сириялык аскерлерге, техникасына сокку урду.

"Биз Сириянын Израил менен чектешкен түштүк-батыш бөлүгүн демилитаризация тилкеси катары сакташыбыз керек. Ал жактын экинчи Ливанга айланышына жол бербейбиз. Биз друз калкын да коргоого тийишпиз. Муну интенсивдүү операциянын жардамы менен ишке ашырып жатабыз. Мындан аркы аракеттер Дамаск бийлигинин калган иштерине багыңкы болмокчу", - деп билдирген 15-июлда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

ЦАХАЛдын билдирүүсүндө Сириядагы операция Израилдеги друздар менен туугандык байланыштары бар сириялык друз азчылыгын коргоо чаралары экени айтылат.

Друз азчылыгынын диний лидерлери уруулаш согушкерлерди куралдан баш тартууга үндөштү.



Кийинчерээк Сириянын коргоо министри Мураф Абу Касра ок атуу толугу менен токтогонун, өкмөттүк аскерлер жооп иретинде гана ок чыгарарын билдирди.

Бирок шаршембиде эртең менен жергиликтүү Sweida24 медиасы Сувейда шаары менен чеке-белиндеги айылдар артиллериянын жана минометтордун аткылоосуна туш болгонун кабарлады.

Мамлекеттик SANA агентигинин маалыматына караганда, Сириянын Коргоо министрлиги "жарашууну бузду" деп Сувейдадагы кылмыштуу топторду айыптады.

Ошол эле күнү Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Сириянын өкмөтүнө “друздарга тийишпегиле” деп, өкмөттүк күчтөр ал жактан чегинбесе, ЦАХАЛ соккуларын улантарын эскерткен.

Улуттар Уюму Сириянын түштүгүндөгү абалга кабатырлануусун билдирди:

"Баш катчы Израилдин сириялык аймакка абадан сокку урганына тынчсызданууда жана Израилди Сириянын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгн бузуудан оолак болууга чакырат. Баш катчы Сирияда БУУнун 2254-резолюциясынын алкагында ырааттуу, инклюзивдүү, бекем саясий өткөөл жараянын колдоо манилүү экенин белгиледи", - деп айтты баш катчы Антонио Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик.

Израилдеги друз азчылыгы бийликке лоялдуулугу менен белгилүү, алардын өкүлдөрү көп учурда куралдуу күчтөрдө кызмат өтөшөт. Сириядагы друздардын көбү Израилдин алардын иштерине кийлишигүүсүн каалабаганы менен айрым топтору Дамаск бийлигине анча ишенбейт.

Сириялык козголоңчулар былтыр жыл этегинде Асаддын режимин төңкөргөндөн бери Израил чек арадагы тилкелерди ээлеп алып, Сириянын аймагына бир нече жолу сокку урган. Ошондо да алар друз азчылыгын коргоо максатын көздөгөнүн айтып келген.

Бирок дипломатиялык алака түзбөгөн Израил менен Сирия акыркы кезде бир нече жолу сүйлөшүү өткөргөн. Тел-Авивдин расмий өкүлдөрү Дамаск менен тынчтык макулдашуусун түзүүнү каалаганын билдирген.

Өткөн ишембиде Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Азербайжанга барганда сириялык жана израилдик аткаминерлер жолукканын дипломатиялык булактар кабарлаган. Аш-Шараа өзү ал кездешүүгө катышкан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG