Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусияга каршы санкциянын 18-пакетин бекиткен жок


Cанкт-Петербургдагы "Газпром" компаниясынын баш кеңсеси
Cанкт-Петербургдагы "Газпром" компаниясынын баш кеңсеси

Шейшембиде Брюсселде чогулган Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Орусияга каршы санкциялардын 18-пакетин макулдаша алган жок. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Рикард Йозвяк билдирди.

Москвага санкция салууга Словакия жана Мальта каршы чыкты. Братислава мурун кабарлангандай эле эгер орус газы келбей калса анын чыгымын толук жабууга шаркеттен кенемте талап кылууда. Мальта орус мунайынын баасы көтөрүлүп кетсе кара май ташыган флотко кесепети оор болот деп чочулайт. Бул тууралуу Politico журналы жазды.

Орусияга каршы санкция салууну шаршембиде шаркеттин элчилери талкуулайт. Буга чейин орус мунайына бааны кескин көтөрүү, "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" газ куураларына тыюу салуу, Орусиянын банктарына жаңы чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканы маалым болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG