Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүк)
“Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. “Өзбекстандын ислам кыймылынын” (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды. Cогушкерлер 1999-2000 - жылдардын жай айларында эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн ӨИК кара байрагы илинип турган, кишилер мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Чек араны 200дөн 1000ге чейинки согушкер бузуп өткөн. Аскердик операцияга 1500-2000 аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жаракат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге жеткен. Баткен коогасынын актай барактарын окуянын күбөлөрү менен чогуу ачабыз.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 11, 2025
"Үмүт үзүлбөйбү?" Сребреницадагы кыргынга 30 жыл
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент айдалды