Садыр Жапаров казынага кол салгандар жазасыз калбасын эскертти

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салгандар жазасыз калбасын эскертти. Бул тууралуу ал 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", - деп жазды Жапаров.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда Бишкектеги Тунгуч кичи районуна барган маалда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынган. Анда Ташиев тургундар менен жолугуп, райондун айрым көйгөйлөрүн уккан.

Ташиев Ырсалиев Тунгучтагы сейил бак курулат деген муниципалдык жерде объектилери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара акысын төлөбөй келе жатканын билдирип, ошол жерден камоого буйрук берген. Вице-мэрге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин айткан.

УКМКнын төрагасы соңку апталарда аймактарды кыдырып, жыйындарды өткөрүп жатат. Чогулуш маалында бир катар жетекчилер кармалып же кызматтан кеткен учурлар болууда.

Дагы караңыз

CPJ Кыргызстанда "фейк жаңылыктар тууралуу" мыйзам кабыл алынганына камтамачылык билдирди Трамп Patriot системасынын ракеталары Украинага жөнөтүлгөнүн билдирдиВоронежге жасалган чабуулда жараат алган бир адам набыт болдуЕкатеринбургда азери диаспорасынын башчысынын уулу кармалды Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалдыКФБ Ташиев Словакиянын "Тренчин" футбол клубунун акциясын сатып алганын төгүндөдү Сот Тилекмат Куреновдун абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узарттыКремл Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин маалымдады