Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Казакстанда никеге турууга мажбурлагандарга жаза күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев никеге турууга мажбурлагандарга жазаны күчөтүү каралган мыйзамга кол койду.

Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындай кылмышка баргандарга мындан ары айып пул салынбайт, 2 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мажбурлоо зомбулук менен коштолсо, жашы жетелек өспүрүмгө каршы багытталса, же бир нече адам жасаса, кызматынан кыянат пайдалануу менен коштолсо жети жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Оор кесепеттерге алып келген кылмыш үчүн айыптуу 10 жылга чейин соттолот.

Жаңы мыйзамда кимдир бирөөнүн артынан түшүп алуу (сталкинг) үчүн дагы кылмыш жазасы киргизилди, күнөөлүү деп табылгандарга айып пул салынат же 50 күнгө чейин камалат.

Казак парламентинде соңку үч жылда өлкөдө "кыз ала качууга" байланыштуу 214 арыз жазылып, анын 10го жакыны гана сотко жеткени, калган иштер "далил жетишсиз" деген себеп менен сотко жетпей жабылып калганы айтылган.

Коңшу өлкөдө никеге туруу максатында кыздарды ала качуу фактылары тууралуу расмий статистика жок. Укук коргоочулар адатта андай учурларда жабыркаган тарап полицияга арыз менен кайрылбай турганын жана сот өкүмү чыккан учурлар жокко эсе экенин белгилешет.

Былтыр мартта Токаев ала качууну "чектен чыккан караңгылык" деп атап, тез арада тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууга чакырган.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмыш үчүн соттологондорго мыйзамдарда жети жылдан он жылга чейин абакка кесүү каралган.

Ошондой эле эрте никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү дагы кылмыш катары каралат. Анын негизинде нике кыюуга жол берген тараптар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG