Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ЕБдин өкүлдөрү Орусияга каршы жаңы санкция салууну дагы макулдаша алган жок


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 16-июлда дагы Орусияга каршы санкциялардын 18-пакетин макулдаша алган жок.

"Европалык чындык" басылмасы өз булактарына шилтеме кылып, Брюсселдеги жыйында Словакия менен Мальта дагы каршы чыкканын жазды. Тышкы иштер министрлердин кийинки жыйыны эми 18-июлда болот.

Ерошаркеттин өкүлдөрү 15-жыйында дагы санкцияга байланыштуу орток пикир таба алган эмес жана анда дагы Братислава менен Валлетта каршы болгон.

Словакия мурда кабарлангандай, эгер орус газы келбей калса, анын чыгымын толук жабуу үчүн шаркеттен кенемте талап кылууда. Мальта болсо орус мунайынын баасы көтөрүлүп кетсе, кара май ташыган флотко кесепети оор болот деп чочулайт.

Санкциялардын 18-пакетинде орус мунайына бааны кескин көтөрүү, "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" газ куурларына тыюу салуу, Орусиянын банктарына жаңы чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканы маалым болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG