Ошол эле маалда Кермалиевдин ордуна келген жаңы мэрдин президенттин иш башкаруучусу менен байланышы кезектеги пикирлерге жем таштады. Бул коомчулукта кадр кризисии жөнүндө талаш-тартыштарды күн тартибине чыгарды.
12 күн иштеген мэр
Президент Садыр Жапаров өзү 2-июлда дайындаган Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиевди 14-июлда кайрадан кызматтан бошотту. Президенттин администрациясы ал "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 3-бөлүгүнө ылайык иштен алынганын билдирди, бирок чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Мунун алдында Султан Кермалиев өзү “иштен алынышы мүмкүн экени” тууралуу социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирген жана WhatsApp'тагы сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөсүн жарыялаган.
Кийин ал “Кактус Медиа” басылмасына берген комментарийинде эмне себептен кызматтан алынып жатканын түшүнбөй калганын билдирген:
Султан Кермалиев
“Эмне болуп жатканынан менин такыр кабарым жок. Эмне кылыш керек, кайда барыш керек? Мен болгону өз ишимди аткарып жаткам. Ачык-айкын, чынчыл иштеп жаткам. Балким ушул нерсе кимгедир жакпай калды. Башка эч нерсе билбейм”.
36 жаштагы Султан Кермалиев өзү ишкер. Ал буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасында пирсти, грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун айкелин тургузган.
Балыкчынын мэри болуп дайындалган соң Керималиев "СерепТВ" телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан.
Соцтармак колдонуучулары анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындашкан.
“Мен негизи мэр болорумду билген жокмун. Анткени, буга чейинки мэр экөөбүз айтыша кеткенбиз. Анан мен ага “иштеген кандай болорун көрсөтөм” деп айткам. Мен айткан сөзүмдү кармайм. Алар алгач мени Чолпон-Атага же башка жактарга жөнөтүүнү каалашкан. Мен “Балыкчыга гана барам, башка жерге барбайм” дедим. Бирок мен бардык эле шаарда жыйынтык көрсөтө алат болчумун", – деген 4-июлда Балыкчынын мэри Султан Кермалиев.
Жаңы мэрдин бул интервьюсу жана андан кийинки билдирүүлөрү коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып жаткан маалда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, Кермалиев тууралуу да пикирин билдирген. Анда мэр кызматтык этиканы сактабаганын айтканы менен Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жакшы иштерди жасаганын белгилеген.
Садыр Жапаров
“Бул жигит Балыкчынын көл жээгин жасаган жигит. Чолпон-Атада дагы жакшы иштерди жасап жүрөт. Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак, "мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем" дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып, бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. […] Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели, этикасы оңолбосо анан көрөбүз”.
Мамлекет башчы өз сөзүндө ал кызматка киришкен 2020-жылкы Октябрь окуяларында “жаштарды бийликке алып келүү” талабы коюлганын, анын шары менен жаштарды министрликке чейин койгонун белгилеп, бирок анын баары үмүтүн актабаганын кошумчалады. Президент учурда компетенттүү кадрлар жетишпей жатканын айтып, муну соңку 30 жылдагы саясаттын кемчилиги катары баалаган.
Кыргызстандын тарыхында, анын ичинде соңку беш жылдан бери деле кадр маселесине байланыштуу кызыктай окуялар көп катталды. Кыска мөөнөттө кызматтан алынгандар, улам-улам кызматын алмаштыргандар жана президенттен уруш жегенден кийин иштен кол жуугандар болду. Айрым учурларда бир нече аким жапырт кызматтан алынды. Адистер мунун баарын кадр тандоодогу алешемдик катары мүнөздөп келишет.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаев “Азаттыкка” мындай пикири менен бөлүштү:
Төлөгөн Келдибаев
“Кадр даярдоо жана өстүрүү бул өтө узак жана кымбат процесс. Биздин өлкөдө 20-30 жылдан бери мамлекеттик деңгээлде кадрлар даярдалбай калды. Азыр чыгып жаткан көйгөйлөр мына ошонун биринчи кесепеттери. Экинчиден, азыркы бийликтин тушунда деле кадр тандоодо калпыстыктарга жол берип коюшууда. Кесипкөйлөрдү кызматка коюуга аракет кылбай, тууган-урук, жоро-жолдош, тааныш-билиштерин коюп жатышат. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдөн баштап, жогорку кызматтарга чейин кээде сабатсыз, кээде мамлекеттик-муниципалдык кызматкердин этикасын билбеген адамдар келип калууда. Негизи кандай гана жетекчини кызматка коюшпасын, анын артын бир сыйра талдап, басып өткөн жолун, мамлекеттик кызматтардагы тепкичин, жакшы-жаман иштерин талдап, анан алып келиш керек да. Ал үлгүлүү, интеллектуалдук деңгээли жогору, адептүү адамдарды алып келүү кажет болчу. Анан анын баарын карабай эле “бул тың чыкма окшойт” деп эле коюп алышты. Анан кандай болсо да келди, кайра ага да убакыт бербей, он күндөн кийин эле шашылыш кызматтан алып ийишти. Бул жагы да туура эмес болуп калды”.
Жаңы келгени Туманбаевдин тууганы
Президент Садыр Жапаровдун 14-июлдагы башка бир тескемесине ылайык, Кермалиевдин ордуна Балыкчы шаарынын мэри болуп Баатырбек Жантаев дайындалды. Анын аты буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге байланыштуу аталган.
Баатырбек Жантаев (коллаж)
"Азаттыктын" 2023-жылы сентябрда жарыяланган жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу иликтөөсүндө да Жантаев тууралуу сөз болгон.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы постунда Балыкчынын жаңы мэри Туманбаевдин "шакирти" экенин билдирди.
Дайыр Орунбеков
"Мен аны көп жылдан бери чарба иштеринде бышкан, мыкты менежер катары тааныйм. Буга чейинки мэрдин кыска убакытта кызматтан алынышынан кийин, жаңы келген мэр элдин көңүлүн көбүрөөк бурат болуш керек. Адаттагыдай иликтеп, ар кандай маалыматтарды жазып, кимдир бирөөгө жабыштырып манипуляция кылгандар дагы чыкпай койбойт. Ошондуктан мен алдын ала эле айтып коеюн. Баатырбек Жантаев президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти. Уюштуруу жана чарба иштеринде өзү тарбиялап бышырган. Иш башкаруучу азыр кандай ыкчам иштеп жатса, Жантаев дагы андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чагы. Аймактык саясатка дагы ылайык келет, Жантаев Өзгөн районунан болот", – деп жазды Фейсбукка Дайырбек Орунбеков.
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Балыкчы шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жантаев анын бир тууган бөлөсү экенин ырастады. Ал 14-июлда Жантаевди эмгек жамаатка тааныштырып жатып, жакын тууганын бул кызматка президент Садыр Жапаров дайындаганын айтты. Анын ишин өзү жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.
Каныбек Туманбаев
"Мамлекетибизде жашыра турган эч нерсе жок. Бул жигит менин бөлөм болот. Бул жерге келип иштейин деген деле ою жок эле. Биз президентибиз койгон тапшырмага ылайык урматтуу президентибиздин сөзүн эч качан талкуулабайбыз. Туура эмес иштесе жоопко тартылат. Эч кандай тууган-билиш деген болбойт. Мен муну жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам, президентибиз ушундай тапшырма койду", – деди Каныбек Туманбаев.
Мурдараак Кыргызстанда мэрлерди шаардык кеңештердин, айыл өкмөттөрдүн башчыларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлачу. Облус жана район башчыларын президент же премьер-министр бекитчү.
2021-жылдан кийин облус-район башчыларын жана мэрлерди президент дайындап, акимдер айыл өкмөт башчыларын дайындай турган болуп калган.
Жарандык активист Медербек Саидов “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:
Медербек Саидов
“Учурда Кыргызстанда чоң көйгөй кадрлардын жоктуганан эмес, кадр таңдоо механизмдери иштебей жатканынан. Кыргызстанда билимдүү, кесипкөй, дүйнө таанымы кең, "реформа жасайм" деген улан-кыздар көп, бирок жогорку бийликте аларга болгон ишеним жок. Ачык тандоо жок, конкурс жок же жоопкерчилик жок. Менин оюмча, мэрлерди элдик шайлоо аркылуу тандоо керек. Бул алардын жоопкерчиликтүү иш алып баруусуна түрткү берет деп эсептейм. Мисалы, Грузияда мэрлерди эл тандайт жана элге отчет берет. Эгерде бир кишинин чечими менен дайындалса, ошол кишиге гана кызмат кылып, ошол кишиге гана лоялдуулугун көрсөтөт жана таптакыр жоопкерчилик сезбей калат. Азыркы дайындалган мэрлердин эмнелерге шыктуу экенин билбейбиз, тилекке каршы. Бизде мэрлер күтүүсүздөн эле эч кандай коомдук талкуусуз эле дайындалып жатпайбы. Ошол үчүн дайындалган жетекчи коомдун сынынан өтпөй, анча-мынча былыктары көрүнүп, бат алмашып жатат. Негизинен ишкерлигине, кийген кийимине же дайындаган адамга канчалык лоялдуу экенине карап дайындоо бул өтө түркөйлүк жана эл арасында ишенимдин кетишине жана нараазылыктарга алып келет деп эсептейм”.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы мур Камчыбек Ташиев мурдараак Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кадр саясатына аралашып жатканын билдирген.
Ал 9-июлда Ошто мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында айрым эл өкүлдөрүнүн атын атап, аларды кадр саясатына кийлигишпөөнү, жергиликтүү бийлик башчыларына буга жол бербөөнү эскерткен.