Вашингтон: Авиакырсыкта ондогон кишинин өмүрү кыйылды
Вашингтондун Рейган аэропортуна 64 адам менен учуп бараткан Bombardier CRJ700 жүргүнчү учагы аскердик тик учак менен кагышты. Кырсык болгон жерден кеминде 18 кишинин сөөгү табылды. Башкы прокуратура блогер Жолболдуеванын тергөө абагында "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсүнө жооп берди. Баткен райондук прокуратурасы блогердин айткандары боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүу болду. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары менен кайым айтышты. Аларды мэриянын ишине "тоскоол болуп жатат" деп айыптап, жыйындан чыгып кетти.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү
Шерине