Мамдума мыйзамсыз миграция үчүн жазаны күчөткөн документ кабыл алды
Камактагы ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы белгилүү болду. Ага ооруканадан операция жасалып, кайра камакка киргизилди. Апасы камактагы уулун чыгарууну суранып президентке кайрылды. Чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн, абактагы Мелис Аспековдун видеосу тарады. Анда Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон ири суммадагы акча алып, Садыр Жапаровго бергенин айткан. Бийлик өкүлдөрү анын мындай мазмундагы буга чейинки билдирүүлөрүн четке каккан. Газанын түндүгүнө жасалган израил армиясынын аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Ал арада Израил парламентинин Жакынкы Чыгыштагы палестиндерге жардам берген БУУнун агенттигинин ишине тыюу салышын эл аралык коомчулук сынга алды.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү
Шерине