Украина: Орусиянын дрон чабуулунан он киши жараат алды
Израил менен ХАМАС радикал уюму эки айга ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жакындап калды. ЦАХАЛ согушкерлердин туннелдерине суу каптатты. Баш прокурор Курманкул Зулушев Камчы Көлбаев өлтүрүлгөн операцияда мыйзам бузулбаганын жана Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү иликтенип жатканын билдирди. Көлбаев операцияда өлтүрүлсө, абактагы Абдылдаевдин сөөгү асынып турган жеринен табылган. Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 11, 2025
"Үмүт үзүлбөйбү?" Сребреницадагы кыргынга 30 жыл
-
Июль 10, 2025
Абу-Дабиде президент Алиев менен премьер Пашинян жолукту
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент айдалды