"Мыйзам бузулуп жатат". 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды
26-январда камактагы 11 журналисттин жакындары көчөдө маалымат жыйын өткөрүштү. Алар бийликке кайрылып, журналисттердин күнөөсү жок экенин айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Бишкектеги "Парк отель" мейманкасы алдын ала макулдашылганына карабай маалымат жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок. Бишкектин Биринчи май райондук соту бир нече медианын 11 кызматкерин эки айга камаган. Алар “массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып жатат.
Чыгарылыштар
-
Июль 10, 2025
Абу-Дабиде президент Алиев менен премьер Пашинян жолукту
-
Июль 10, 2025
"АКШга келип, кайра кетпей койгондор көп болду"
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент айдалды