Ошто мэр алмашты. Алмаз Мамбетов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов келди. Экс-депутат Жетигенов былтыр "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айып менен кармалып, кайра бошотулган. Соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 20 аял көз жумуп, дагы 10 миңдей кыз-келин жакындарынан кордук көргөн. Бул арада Жогорку Кеңеште зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катаалдатуу сунушталууда. Казакстан, Өзбекстан жана Орусия үч тараптуу "газ биримдигин" түзүүнү көздөп жатат. Демилге орус лидери Владимир Путинге таандык экени айтылууда. Өзбекстан азырынча буга расмий комментарий бере элек.
Эки жылда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 20 аял көз жумду
Ошто мэр алмашты. Алмаз Мамбетов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов келди. Соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 20 аял көз жумуп, дагы 10 миңдей кыз-келин жакындарынан кордук көргөн. Казакстан, Өзбекстан жана Орусия үч тараптуу "газ биримдигин" түзүүнү көздөп жатат.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү