Мерден: Бишкектен 50 кг алтын алышым керек
Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан. Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиевага курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин 1 жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 килограмм алтынды ала албай калганын айтып берген. Түрк жараны ушул тапта да Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 11, 2025
"Үмүт үзүлбөйбү?" Сребреницадагы кыргынга 30 жыл
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент айдалды