Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимин бир тараптуу жана алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган деп билдирди.
Абу-Дабиде Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кездешүүсү өттү. Тоолуу Карабакты талашып, 30 жылдан ашуун кармашкан эки өлкө март айында тынчтык келишиминин текстин макулдашышканы менен документке кол коюла элек.
Министрлер кабинети турак жай жана коммерциялык курулуштар үчүн "Инвест Кей Жи Холдинг" компаниясына Бишкектен 34 гектар жер тилкесин берүү чечимин чыгарды. Анын 2,2 гектар жери мурдагы Батыш автобекети.
Орусиянын ички иштер министри «пайдасыз мигранттарды» өлкөдөн чыгарууну сунуш кылган. Мамлекеттик дума жергиликтүү органдарды келгиндердин балдары тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун караганы жатат.
Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду.
7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.
Кабул суусуз калган дүйнөдөгү биринчи борбор шаар болуп калышы мүмкүн. Эксперттер мындай кризиске калктын тездик менен көбөйүшү, климаттагы өзгөрүүлөр жана туура эмес башкаруу алып келгенин айтышат.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Эң жогорку макамдагы сапар алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүү талкууланып, бир нече жылдан бери жабык турган "Карамык" жана Бор-Дөбө бекеттери ачылды.
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргызстандын бардык аймагындагы калемгерлердин башын кошкон "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу маданий иш-чара өттү. Анда акындын ырлары окулуп, ырдалды. Омор Султановдун кыргыз поэзиясына салган чыйыры айтылды.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Апрель" телеканалынын ишмердигине байланыштуу жараян аяктап калды. 7-июлда тараптар жарыш сөз башталмак, бирок сот 9-июлга жылды. Прокуратура телеканалды юридикалык жак катары толук жоюп, социалдык тармактардагы баракчаларын жабууну максат кылууда.
Шпионское программное обеспечение Pegasus израильской компании NSO Group применяли правительства 45 стран по всему миру. Недавно в американском суде компания назвала три государства, которые приобрели этот продукт. Используется ли инструмент сегодня? Как от него защититься?
Дагы жүктөңүз