Босния жана Герцеговинада 30 жыл мурдагы эл аралык коомчулук геноцид деп тааныган Сребреница кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө. 11-июлда Потокари мемориалдык борборуна жүздөгөн адамдар жана чет өлкөлүк делегациялар чогулду. 1995-жылдын 11-июлунан кийинки бир нече күндө Сребреница шаарчасынын жака белинде босниялык сербдер 8000дей босниялык мусулман эркекти жана балдарды өлтүргөн. БУУнун мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналы Сребреницадагы кыргынды геноцид деп тааныган. Бул кылмыштар үчүн 54 киши жоопко тартылып, жалпысынан 800 жыл түрмөгө кесилген. 30 жылдан бери 1200 кишинин сөөгү табыла элек. Издөө иштери дагы деле уланууда.
Кылмыш
Мадыда кайненесин керки менен чаап өлтүргөн, аялын уруп-сабаган деп шектелген 34 жаштагы тургуну эки айга камалды. Азыр 28 жаштагы келин оор абалда ооруканада жатат. Милиция тергөө жүрүп жатканын учкай гана маалымдап, толук маалымат бере элек.