Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан “Эл аралык кризисти иликтөө тобу” аттуу изилдөө борбору жакында Борбор Азиядагы ислам дининин жана секулярдык өкмөттөрдүн өз ара алакаларына арналган баяндамаларын жарыялады. Исламдык фундаментализмдин, куралдуу жаңжалдын алдын алуу үчүн аймактагы бийликтер оппозиция менен баарлашууга өтүшү керек. Борбор Азиянын бардык өкмөттөрү демократиялык реформаларды терең деңгээлде жүргүзүшү зарыл, - дешет баяндама авторлору.
Маскөөдөгү соңку жардыруулар коомчулукту мурда таназарга алынбаган жаңы көрүнүштүн – аялдардын жанкечтиликке барышы маселесинин айланасында ой жүгүртүүгө аргасыз кылууда. Расмий Кремль чечен жикчилерин карапайым аялдарды террордук иш-аракетке тартып жатат деп күнөөлөөдө. Ал эми укук коргоочулар болсо – айымдарды жанкечтиликке барууга мажбурлаган жагдай үчүн жоопкерчиликти Кремль да бөлүшүүсү керек деп санашат.
Мындан төрт жыл илгери, 1999-жылдын 9-июлунда Иранда бийликтеги эскичил диниятчыларга каршы ири чыгуу болгон эле. Шаршембиде өлкө полициясы жаштар ошол окуялардын төрт жылдыгын белгилеп, кайра көчөгө чыкпасын үчүн алдын-ала коопсуздук чараларын күчөттү. Студенттик кыймылдардын жетекчилери болсо өз мүчөлөрүнө залал келтирип албоо үчүн шаршембиге белгиленген демонстрациядан баш тартышты. Үч студент жетекчи шаршембиде камакка алынды.
Иран “Шахаб-3” ракетасынын жыйынтыктоочу сынагын ийгиликтүү түрдө жүзөгө ашырганын дүйшөмбү күнү тастыктады. Ракета массалык кыргын куралын Израилге чейин жеткирүүгө жөндөмдүү экени жоромолдонууда. Бириккен Улуттардын өзөктүк кубатты көзөмөлдөөчү уюмунун жетекчилиги Иран өкмөтүн өзөктүк программалар долбоорун эл аралык коомчулукка толук маалым кылууга үндөдү.
Июлдун 5инен бери Голландиянын Роттердам шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын он экинчи жылдык жыйыны өтүүдө. Дүйшөмбү күнү бул жыйынга катышкан бир катар борбор азиялык укук коргоочулар жана саясатчылар басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар ЕККУну жана Батыш өлкөлөрүн Борбор Азиядагы адам укуктары маселесине астейдил мамиле кылууга чакырышты.
Калк саны үч миллиондой болгон Либерия мамлекети атуулдук тирешүүлөрдүн чордонуна айланган кез. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин өкүлчүлүгүн жетектеп, аймактагы кырдаалды жеринен иликтеген британ элчиси Жереми Гринсток жана АКШ президенти Жорж Буш Либериядагы кырдаалды жөнгө салуунун жолу катары өлкө президенти Чарльз Тэйлорду бозгунчулукка кетирүүнү сунушташты. Кошмо Штаттар Либерияга бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү ойлоштурууда.
Британиялык Би-Би-Си корпорациясы премьер-министр Тони Блэрдин басма сөз катчысынын өзүнөн кечирим суроо талабын четке какты. Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Алистер Кэмпбелл Иракта тыйуу салынган кыргын куралдары бар деген досьени “чампалоо” аркылуу өкмөт депутаттарды Ирак согушун колдоого түрттү деген айыптоонун эфирден кеткени үчүн Би-Би-Сини сынга алган. Би-Би-Си эч кимден кечирим сурабай турганын билдирди.
Жекшемби күнү Тажикстанда конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлмөкчү. Добушка коюлуп жаткан элүүдөн ашуун сунуштун эң башкыларынын бири буга чейин эки ирет президенттикке шайланууга үлгүргөн Эмомали Рахмоновго мындан ары да бийликте калууга мүмкүндүк бермекчи. Тагыраак айтканда, Рахмонов болочокто жети жылдык президенттик мөөнөткө эки жолу шайлануу үчүн конституциялык мүмкүнчүлүк алууга далаалаттанууда. Бириккен Улуттар Уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму референдумга өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышты. Айрым саясий партиялар референдумга бойкот жарыялады.
Жума күнү Латвия парламенти президенттик шайлоо өткөрмөкчү. Көзгө басар талапкер – азыркы президент Вайра Вике-Фрайберга айым. Эмитеден эле аны жеңиши менен куттуктоого даяр карапайым атуулдар да, президенттин ички саясатына терс маанайдагы латыштар да парламенттеги окуяга сырттан гана байкоо салмакчы.
Шейшембиде, июндун 17синде Германияда антикоммунисттик козголоңдун 50 жылдык мааракеси белгиленди. Кансыз согуш маалында Батышта кеңири таркалган бир уламышка караганда, ондогон советтик жоокерлер куралсыз немис демонстранттарын атуу тууралуу буйрукка моюн сунбагандыгы үчүн өмүрүнөн айрылган имиш. Бирок соңку иликтөөлөр бул аңыз кеп чындыктан алыс экенин көрсөтүүдө.
Бүгүн Казакстандын жаңы премьер-министри болуп мурдагы Павлодар облусунун акими, 49 жашар Даниял Ахметов дайындалды. Мурдагы премьер Имангалы Тасмагамбетов жер сатыгы тууралуу талаш-тартыштарга байланыштуу шаршембиде кызматтан чегинген эле. Ишембиде Казакстандагы оппозициялык күчтөр жерге болгон жеке менчик маселеси боюнча өкмөттүк сунушка каршы ири демонстрация өткөрүү үчүн беленденүүдө. Бул окуялар тууралуу Тынчтыкбек Чоротегин “Азаттыктын” Казак кызматынын башчысы Мерхат Шарипжанды кепке тартты...
Бүгүн түштөн кийин Чехияда Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү маселеси боюнча референдум башталды. 8 миллиондон ашуун шайлоочу эртең түшкү саат 2ге чейин созулчу бул өнөктүккө катышууга акылуу. Буга чейин Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө талапкер он өлкөнүн алтоосунда референдум жүргүзүлүп, алардын эч биринде тең терс жыйынтык алынган эмес. Эми жетинчи талапкер өлкөдө кандай жыйынтык болоор экен?..
Британ өкмөтү Европа Биримдиги үчүн орток акча бирдиги болгон еврого өтүү маселесин кийинкиге калтырууда. Каржы министри Гордон Браундун айтымында, Британия евро акча бирдигине өтүү үчүн азырынча даяр эмес.
Эми “Азаттык” үналгысынын 50 жылдык торколуу тою менен байланыштуу кезектеги берүүгө назар салыңыздар.
Саддам Хусейндин режими ойрон болгону шек туудурбай калган жана жаңы Иракты куруу аракеттери күчөгөн азыркы тапта, режимдин өкүлдөрүнүн мурдагы кылык-жоруктары дүйнөдө жаңыча таразаланууда. “Күлкү келтирген Али” деп атыккан мурдагы маалымат министри ас-Саххаф, сыягы, Саддамга согуштун эң соңку учуруна чейин берилген бойдон калган жогорку мартабалуу жалгыз төбөл болду көрүнөт.
Ишемби күнү орусиялык “Союз” кемеси Казакстандын Байкоңур космос майданынан учурулмакчы. Аны менен орус космонавты Юрий Маленченко жана АКШ астронавты Эдуард Лү алты айлык сапарга аттанат.
Түркология илими жакында чоң жоготууга учурады. Түркиялык белгилүү чыгыш таануучу, профессор Ахмет Темир 92ге караган курагында каза болду.
Бүгүн Грекиянын ордо шаары Афинада өткөн бир күндүк саммит маалында он жаңы өлкөнү Биримдиктин мүчөлүгүнө кабыл алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул салтанаттуу жыйын согушка каршы нааразылык билдирген топтордун демонстрациясынын жана күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын шартында өттү.
Батыш илимпоздору адам баласынын генетикалык кодунун ырааттуу жайгашуусун чечмелөөгө жетишти. Илимдин жаңы тармагы – “геномиканын” ири жетишкендиги башка дагы бир жаңы багыттын - протеоника тармагынын калыптанышы үчүн башат ачууда.
Дагы жүктөңүз