"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Дээрлик ар бир кыргыздын үйүндө камчы кездешет. Заманга жараша ал мурункудай колдонулбай, шаардыктар үчүн сувенир катары үйдө турат.
1-майда Бишкек мэриясы, “Эреп” бейөкмөт уюму жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү долбоору тынчтык жарыштарын өткөрдү.
25 жыл мурдагы Чернобыл алааматынын кесепеттерин жоюуга миңдеген кыргызстандыктар да катышкан.
Былтыркы апрел окуяларынан кийин Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын укуктары кескин басмырланууда.
25-февралда “Эркин тоо”, “Жаңы агым”, “Кыргыз Руху”, “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Алиби”, “Саясат”, “Жаңы ордо” жана башка гезиттер жарык көрүп, өлкөнүн саясий-социалдык жана экономикалык турмушунун күнгөй-тескейин баяндаган макалалар жарыяланды.
Азия оюндарынын чемпиондору өмүр бою стипендия алышат. Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш болот.
Уруксаты өтүп кеткен нигериялык 8 жаран Кыргызстандан чыгарылгандыгын өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
8-декабрда өкмөт үйүндө өлкө башчысы Роза Отунбаева жакында Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынан жеңиш менен кайткан спортчуларды, машыктыруучу адистерди кабыл алып, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандык спортчулар эгемендүүлүк алганы беш Азия оюндарына катышты. 2002-жылы Пусанда өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандыктар 12 медаль жеңип, анын экөө алтын, 4 күмүш, 6 коло байге болсо, бул ирет Гуанжоудо 145 спортчу мелдешке катышканы менен 5 медаль менен кайтып келди.
ФИФАнын аткаруу комитети 2018-жылы дүйнөнүн эң ири футбол мелдешин өткөрүү укугун Орусияга ыйгарды. Бул кабарды кыргызстандык футбол күйөрмандары да сүйүнүч менен кабыл алышты.
Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан XVI Азия оюндарында бүгүн кыргыз балбаны Данияр Көбөнов алтын байгеге татыды.
7-апрелдеги кандуу кагылышта ок тийип, шейит кеткендердин атын түбөлүккө калтыруу үчүн мамлекет менен коомчулук биргелешип, бир катар иш чараларды аткарып жатышат. Бул жөнүндө "Азаттыкка" курман болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев айтып берди.
Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө болобу? Кыргызстандык айрым футболчуларга чет өлкөлүк клубдар кызыкдарбы? Жеке ишкерлер спортту колдоого алып, демөөрчү болуп жатышабы? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков жооп берди.
“Манас” дастанын коргоо комитети президент К. Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталган “Манас” эпосун Кыргызстандын атынан кайра каттатуу үчүн дипломатиялык, саясий жолдор аркылуу таасир этүү суралды.
Жалал-Абад облусунун Аксы районун Тегене айылынын тургуну 88 жаштагы Саткын Атаярова байбиче маңдайкы эки тиши гана калганына карабай ооз комуз кагып, ондон ашуун күү аткарып жүрөт. Учурунда Саткын эне өлкөгө таанылмал темир комузчулар Гүлжамийла Сейтикулова, Токтосун Тыныбековдор менен бирге күү чертишкен. Ал «Азаттыктын» Бишкектеги студиясында жаңы жыл алдында мейманда болуп, кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип, ооз комуз кагып берди
«Замандаш» журналынын тандоосу боюнча “Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери” деген сыйлык Бишкектин мэри Нариман Түлөевге берилди. “Жылдын өнөр табылгасы” болуп “Азаттык” үналгысынын баяндамачысы Шайлообек Дүйшеев таанылды.
21-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарынан кубанычтуу кабар келди. Бул жерде өтүп жаткан оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинде кыргызстандык Султан Молдодосов коло байгелүү болду. Бишекте алгачкы көркөм муз тебүү фестивалы өттү.
Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Төрөбаев чукул кырдаалдар министри болуп дайындалды. Мурдакы министр Камчыбек Ташиевди премьер-министр Данияр Үсөнов жаңы жетекчини тааныштыруу учурунда кескин сынга алды.
Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча мамлекеттик деңгээлде татыктуу чечимдер болбой жатканы, Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп жаткан тоолордо боло турган жардыруулар, журналисттердин жана саясатчылардын сабалышы, энергетикалык кризис элди бушайман ойго салган маселелер болуп жатат.
Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаковду 9-декабрда кечинде үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. 61 жаштагы саясатчы таяктан катуу жабыркап, ооруканага түштү. Бул кол салууну анын жакын туугандары саясий ишмердикти жазалоо, коркутуп-үркүтүү катары карап жатышат
Дагы жүктөңүз