“Азаттыктын” “2х1" форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков. Саясатчы журналисттердин партиялык ишмердиги, октябрь окуялары, жаңы бийлик менен мамилеси, жаңы Конституцияга көз карашы, экономикалык кырдаал, тууралуу суроолоруна ж
Түркиянын тышкы иштер министри Мавлүт Чагушоглы баштаган делегация Бишкекте расмий жетекчилер жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап жатат. Түркиядагы Кыргызстан достук маданият коомунун ардактуу төрагасы, ишкер Айбек Сарыгул менен маекти сунуштайбыз.
Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.
Конституциянын жаңы долбоорун колдобогон, бирок президенттик башкаруунун тарапкери болгон саясий ишмерлердин бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков. Саясатчы өз турумун "Азаттыктагы" маегинде айтты.
СССРдин эл артисти, коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаев - совет заманында жашап, кыргыз балет өнөрүнүн зоболосун көтөргөн таланттардын бири.
Жаңы шайланып келаткан президент Садыр Жапаров бийликке келгенде кандай жагдайларды эске алышы керек, кандай кемчиликтерден арылып, кайсы ишке маани бериши керек?
Клара Сооронкулова 10-январдагы президенттик кезексиз шайлоонун оош-кыйыштары, алган сабактары, келаткан бийликке көз карашы, мындан аркы саясий ишмердиги жана байлыгы тууралуу айтып берди.
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив интервьюсунун кезектеги коногу - Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева.
«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.
"Азаттыктын" 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев. Ал журналисттердин парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуу учурундагы жана андан кийинки коомдук-саясий кырдаал, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшт
10-январга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген жарандардын арасында сегиз аял бар. Президенттик жарышта аял талапкер жеңишке жете алабы? Аларды саясий күрөштө кандай тоскоолдуктар күтөт?
Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны элүүдөн ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы маегинин кезектеги коногу - Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдилла Нишанов.
Лондондогу Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчиси, лингвист-профессор Рахима Абдувалиева улуу жазуучунун чыгармаларын чет өлкөлөрдө жайылтуу, аларды чет тилдерге которуп, жайылтуучулардын жаңы муунун өстүрүү аракеттери тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы видеомаегинин кезектеги коногу - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Дагы жүктөңүз