Жалал-Абадда ак алтын кар алдында калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда ондогон гектар пахтанын акыркы терими кар алдында калды. Дыйкандар быйыл суук эрте түшкөндүктөн пахтаны жыйнаганга үлгүрбөй калган. Ак алтындын түшүмүн жыйноо учурунда пандемияга байланыштуу жумушчулар тартыш болгон. Ошондон улам да терим иштери кечендеген.