Израил жана Сириянын өкүлдөрү Бакуда жолугушту

Сирия менен Азербайжандын президенттери Ахмед аш-Шараа жана Илхам Алиев

Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Бакуга келген учурда Израил менен Сирия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан. Бул тууралуу AFP агенттиги Дамасктагы атын атагысы келбеген булактарга таянып жазды. Ал “буга чейинки Израилдин Сириядагы аскердик катышуусу” тууралуу жолугушууга Сириянын президенти барбаганын билдирген.

Былтыр декабрда Сирияда Башар Асаддын режими кулагандан кийин Израил сириялык аскердик объектилерге абадан сокку урган жана өз аскерлерин БУУ көзөмөлдөгөн буфердик аймакка жөнөткөн.

Былтыр декабрда Сирияда Башар Асаддын режими кулагандан кийин Израил Сириянын аскердик жайларына абадан жүздөгөн сокку уруп, стратегиялык Голан дөңсөөлөрүндө согушуп жаткан күчтөрдү мурда бөлүп турган БУУнун көзөмөлүндөгү буфердик аймакка аскерлерин жөнөткөн.

Бакуга сапары алкагында Сириянын президенти Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшкөнүн эки өлкөнүн өкмөтү ырастады. Азербайжан эки өлкөнүн негизги өнөктөшү болгон Түркия аркылуу Сирияга газ экспорту башталганын жарыялады.

Дагы караңыз

Казакстан Ооганстанда темир жол куруу долбооруна катышат Лавров Курскиге аскер жиберүү чечимин Пхеньян кабыл алганын айттыОрусия Украинанын бир нече аймагын аткылады, төрт адам набыт болдуМилиция соцтармакта "Тапсаң сеники" деген оюн уюштурган жаранга эскертүү берди