Жарым кылымда жеткен жарык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айыл түптөлгөндөн тартып, ушул күнгө чейин жарыгы жок жашаган Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр энергиясы жетти. 1960-жылдан бери 800 адам жашаган айылга электр линиясын тартуу иштери быйыл жазында башталган. «Жалал-Абад электр» ишканасы ага 25 млн. сом жумшады. Бирок, айылда онго чукул жашоочунун үйүнө электр энергиясы жетпеди.