КТРКдагы айдоочулардын талабы
Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда жарым күн иш таштады. Коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курмановдун "Азаттыкка" айтымында, нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганына байланыштуу чыккан. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтып жатат. Ал эми каналдын башкы директоу Илим Карыпбеков аталган ишкананы атайын комиссия текшерип жатканына байланыштуу Рерих Абакиров убактылуу эле иштен четтетилгенин билдирди. Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин чыр чечилип, Абакиров ордунда калмай болду.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”