Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курск облусундагы салгылашка Түндүк Кореядан аскер жөнөтүү тууралуу чечимди Пхеньян кабыл алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Москва бул сунушту “тилектештиктин чыныгы көрүнүшү” катары кабыл алган. Лавров эки өлкөнүн алака-катышын “жеңилгис боордоштук” катары сыпаттады.
“Бизде тилектештиктин чыныгы көрүнүшүнөн баш тартууга кандайдыр бир себеп болгон эмес. Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимибизди кандай аткарарын өзү билет деген ойдобуз”,-деди Лавров түндүк кореялык кесиптеши Цой Сон Хи менен жолугушуудан кийин.
Лавров ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери такай байланышта экенин белгиледи.
Цой Сон Хи болсо Пхеньян Орусиянын аракеттерин токтоосуз колдорун, мамлекеттер аралык келишимдеги бардык жоболорду кынтыксыз аткарарын айтты.
Ушул жылдын апрель айында Reuters жана AFP агенттиктери Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитетинин өкүлүнө таянып Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын жазып чыгышкан.
Анын алдында Пхеньян аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын биринчи жолу ырастаган.
Ага чейин түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги байма-бай кабарлап келген.
Өткөн айда Түндүк Корея Курскидеги кыйраган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам иретинде 1000 сапёр жана 5000 аскердик куруучу жиберүүгө убада берген. Май айында бул өлкөдөн жалпы 15 миңдей мигрант келгени белгилүү болгон.
Орусиянын армиясы 12-июлга караган түнү Украинанын бир канча аймагына жапырт чабуул жасады.
Украин президенти Владимир Зеленский 20дан ашык ракетанын, 600дөй дрондун теңинен көбүнүн мизи кайтарылганын билдирди. Ал мындай чабуулдарда Черновцы шаарында эки адам набыт болгонун, бери дегенде төрт киши жараат алганын маалымдады. Зеленский абадан коргонууну чыңдоо зарылдыгын дагы кайталады.
Маалыматтарга караганда, соңку соккуларда Запорожье облусунда дагы эки адам набыт болду.
Львовдун мэри Андрей Садовой бул шаар согуш башталгандан бери дрондордун тынымсыз чабуулуна кабылганын айтты. Анда алты адам, анын ичинде 11 жашар бала жараат алды. Бир катар имараттар талкаланып, электр зымдар үзүлдү.
Соцтармактарда чабуулдарда Львовдогу “Электрон” корпорациясынын имараты бутага алынганы тууралуу кабарлар чыкты.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү Украинанын 33 дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “оң жылыш” бар экенин айтты. Ал жума күнкү кечки видео кайрылуусунда Киев армиянын күчтөндүрүү, абадан коргонуу системасын жакшыртуу жаатында өнөктөштөрү менен активдүү иштеп жатканын билдирди.
"Биз азыр өнөктөштөр менен курал алуу, Украинада курал-жарак чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү, армиябызды жакшылап камсыздоо жаатында иштеп жатабыз. Жакшы макулдашуулар бар жана биз жаңысын күтүп жатабыз. Биз бул жаатта эң жогорку деңгээлдеги саясий ишараттарды ошол эле Америка Кошмо Штаттарынан жана европалык досторубуздан алдык. Бардык докладдарга ылайык (курал-ред) жөнөтүү жанданды",-деди Зеленский.
АКШнын президенти Дональд Трамп 7-июлда Украинага кошумча курал-жарак жөнөтүлөрүн билдирген. Ал соңку учурда орус президенти Владимир Путиндин аракеттерине нааразы экенин кайталап келет.
Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон.
Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабылганы менен байланыштырылган.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинадагы согушту токтотуу максатында жаңы санкция киргизүү менен Москвага басымды күчөтүүгө чакырды.
"Биз Орусиянын президенти Владимир Путинди сүйлөшүүгө отургузуп, тынчтыкка даярдануу боюнча ишибизди ушул нукка бурушубуз керек. Бул олуттуу таасир этет", - деди Стармер.
Бейшемби күнү ал Макрон менен бирге Украинага жардам берген өлкөлөрдүн Римде өткөн жыйынын жетектеди.
Француз лидери өнөктөштөрүн Орусияга басымды күчөтүүгө чакырып, бул үчүн "жаңы нерсе керек" экенин белгиледи.
"Орус экономикасына таасир эте турган жаңы бир нерсе керек", - деди ал.
Лидерлер ошондой эле согуш аяктагандан кийин Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштыруу боюнча Европанын планы даяр экенин белгилешти. Макрондун айтымында, ал ок атышуу токтогондон бир нече сааттан кийин киргизилиши керек.
АКШнын өкүлдөрү, америка президентинин чабарманы Кит Келлог жана сенатор Линдси Грэм, Ричард Блюменталь "каалоочулар коалициясына" алгачкы жолу катышты.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонинин айтымында, конференцияда 10 миллиард евродон ашык инвестиция тартууга жардам бере турган кепилдиктер жана гранттар боюнча өзүнчө макулдашуулар иштелип чыгат.
Жыйынга катышып жаткан украин президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү саясатчыларды жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн Украинанын коргонуу тармагына көбүрөөк инвестиция кылууга чакырган. Ал Орусиянын чабуулу күчөп жаткан учурда ресурстардын жетишпей калышын алдын алуу зарыл экенин белгиледи.
"Орусия бардык тынчтык аракеттерди бөгөттөп жатканы өнөктөштөргө белгилүү", - деген Зеленский Москвага карша жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро Евробиримдик Орусияга Украинаны басып алганы үчүн "соңку үч жылдагы эң катаал" санкцияларды жарыялаганын, алдыдагы санкциялардын максаты Владимир Путинге согушту улантууга мүмкүндүк берген ресурстардын жолун тосуу экенин айтты. Ал өзгөчө энергетика тармагына токтолгон.
2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы согушу башталгандан бери Евробиримдик 17 санкциялык пакетти кабыл алган.