Ноокен районунун тургуну, Орусияда тиш догдур болуп иштеген Момунжан Алиев туулуп-өскөн айылына 60 орундуу жаңы бала бакча куруп берди. Имараттын курулуш ишине ал 6 млн. сом сарптаган. Мекендешибиз бала бакчаны аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекетке белек катары тартуулаганын айтат.